Коронавирус дагы 87 кишиден аныкталды, 178 киши айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 9-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 87 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 33үндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 54үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 27;

Баткен облусу — 17;

Жалал-Абад облусу — 13;

Ош облусу — 11;

Чүй облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 7;

Талас облусу — 2;

Ош шаары — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 613кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 741. Ал эми Чүй облусунда — 5 435, Ош облусунда — 4 207, Жалал-Абадда — 4 330, Ысык-Көлдө — 3 837, Ош шаарында — 3 411, Баткенде — 2 493, Нарын облусунда — 1 723 жана Талас облусунда — 1 436 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 178 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 88, Жалал-Абад облусунан — 12, Ош облусунан — 15, Ош шаарынан — үч, Баткен облусунан — 26, Чүй облусунан — 13, Нарын облусунан — эки бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 40 336 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 535 бейтап, ал эми үй шартында 2 373 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Жалал-Абад облусунда эмгектенген медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада төрт медик айыкты жана 12 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 159га жетти, анын ичинен 2 616 медкызматкер илдеттен айыкты.