Алай: Атайын түзүлгөн комиссия петроглифтерге жакын жайгашкан көмүр кенинин ишин текшерет

Саймалуу таштар жана көмүр кенинен келе жаткан жүк ташуучу унаа. Сүрөт: Зафер Динчер

Фотограф Зафер Динчер фейсбукта Ош облусунун Алай районундагы саймалуу таштар көмүр карьеринен улам жоголуп кетүү коркунучунда экенин жазды.

Ал 2-3 күн мурда райондун Мурдаш айылы менен Кара-Суу районуна караштуу Карагур айылдары кесилишкен аймакта жаңы көмүр карьери иштеп баштаганын маалымдады.

«Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз деп тынчсызданып жатабыз. Үч-төрт миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал», — деди ал.

Мындан улам аталган айылдардын эли жайлаган Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл көлү булганып, ал эми саймалуу таштар талкаланып жатканын айтат.

Бул көрүнүш коомчулукта нараазычылык жаратып, анын постуна тургундар көмүр карьерине каршы экенин билдирип комментарий калтырышкан.

«Көмүрдү ачык казганда ал жерден көмүр менен кошо газ чыгат. Ал газ жамгыр булуттарын таратып салат. Демек ал жерге жаан аз жаай баштайт. Үч-төрт жыл ичинде айланасы капкара, эч нерсе өспөгөн чөлгө айланат. Лицензия берген манкурттар ойлоду бекен, же акча үчүн өлкөнү астын-үстүн кыла беришеби?» — деп суроо салган колдонуучулардын бири Алмазбек Жумаев.

Ошондой эле колдонуучулар тарыхый мурасты сактап калуу үчүн тезирээк чара көрүлүшү керектигин айтышкан.

Кийинчерээк туризм департаментинен Динчерге маалымат үчүн ыраазычылык билдиришип, бул боюнча тиешелүү органдарга расмий кайрылуу жиберилгенин айтышкан.

Көмүр кенинин иши текшерилет

Алай райондук экотехинспекциясынан «Клоопко» аталган аймакта көмүр казылып жатканы боюнча маалыматтары жоктугун, бул боюнча такталгандан кийин гана жооп берилээрин билдиришти.

Ал эми аталган райондун акими Замирбек Молдокулов көмүр карьеринин аймагы Кара-Суу районуна караарын, казуучу компаниялар Алайдын жолунан гана пайдаланышаарын билдирди.

Анын айтымында, карьерди Жол-Чырак компаниясы иштетет. Көмүрдү ташууга башка жол жок болгондуктан, Алай районунун аймагы аркылуу ташышат.

«Ал аймакка эртең экотехинспекция жана тиешелүү адамдар барат. Айыл өкмөт башчысы кен иштетүүнүн олуттуу зыяны жок деп жатат. Комиссия өздөрүнүн жыйынтыгын чыгарып берсин. Эгер коркунуч болуп жатса биз жөн карап отурбайбыз, дароо эле жабып, токтотобуз», — деди ал.

Макала чыгаар алдында көмүр кени жайгашкан Папан айыл өкмөтүнүн Карагур айылынын башчысы менен байланыша албадык. Ал эми Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы атайын түзүлгөн комиссия аталган аймакка 15-сентябрда бараарын кошумчалады.

«Кен Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө карап, ошол жерге салык төлөйт. Кенди алып чыгып кетүү үчүн жолду Алай тараптан ачкан. Аны ачып жатканда жергиликтүү элге пайдасы тиет жана саймалуу таштан бир километр алыстыктан өтөт деп түшүндүрүшкөн», — деди ал.

Кара-Суу райондук экотехинспекциясынын жетекчиси Адилет Мокеев көмүр кени Кара-Суу районуна караарын тастыктап, аны бир нече компания казаарын билдирди. Ошондой эле ал аталган аймакта 3-4 күн мурда жаңы жол салынып баштаганын айтты.

«Мурда да жол болчу. Укканыма караганда башка жаңы жол салып жатышкан экен. Бирок жол салгандар көмүр казгандар эмес. Баары комиссия барып текшерип келгенден кийин билинет, так маалымат беребиз», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми маданият министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева «Клоопко» учурда министрлик жүрүп жаткан иштерди тез арада токтотуу боюнча тиешелүү мекемелерге кат жибергенин айтты.

«Ким уруксат берген жана ким жооптуу экени тууралуу териштирүү иштери жүрөт. Ошондой эле эмнелер бузулганы боюнча акт түзүлөт», — деди Асанбаева.

Петроглифтер — байыркы кыргыздар аска-ташка чиймелеп калтырган сүрөттөр. Ал тарыхый-маданий мурас болуп эсептелип, мыйзам боюнча коргоого алынган.

«Жол Чырак» ЖЧКсынын айланасындагы чыр

Аталган көмүр кенин иштеткен компаниялардын арасында «Жол-Чырак» ЖЧКсы да бар. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин мурдагы жубайы — Гүлсара Сулаймановага таандык.

Анын компаниясы 2008-жылы аталган аймакта 200 гектарга жакын жердеги күрөң көмүрдү чалгындоого, ал эми 2014-жылы 71 гектар аймактан 18 жылга көмүр өндүрүүгө лицензия алган.

2019-жылдын декабрь айында Карагур айылынын тургундары Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана Папан айыл өкмөтүнүн жетекчиси «көмүр кендин ээлери менен жең ичинен кол алышкандыктан» маселе чечилбей жатканын айтышкан.

«Бул жерде мурда кекилик, улар сайрайт эле. Айылдын четиндеги тоолорго дүрбү салып кийиктерди көрчү элек. Азыр алардын бири жок. Жол-Чырак жайлоосундагы туурасы 200 метр, узундугу 300 метр көлдүн суусу тунук, көпкөк болуп турчу. Ал көлдүн жээктеп эл жайлачу. Азыр көлдүн ордуна көмүрдүн шлагын көрөсүң. Жаратылыштын бул абалын көрүп өтө нааразы болдум», — деген Карагур айылынын тургуну Кошали Капаров.

Анда Папан айыл өкмөтүнүн башчысы алар айткан аймакта чындыгында эле экологиялык көйгөйлөр бар экен ин, бирок «тургундар айтканчалык деңгээлде эмес» экенин айтып, компаниянын кызматкерлери менен тургундардын ортосундагы чыр милиция кызматкерлери менен биргеликте чечилээрин билдирген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын адистери өткөн жылдын июнь айынын аягында «Жол-Чырак» компаниясынын ишин текшерип, эл ичкен сууга зыян келип жатканын аныкташкан. Ошондо ишканага 13 миң сом айып пул салынган. Мындан тышкары компанияга көмүр кенинен чыккан калдыктарды, көмүрдүн майдасын эл суу пайдаланган өзөндөн обочо жерге төгүүнү милдеттендирген.

Карагур айылында беш жүздөн ашуун адам жашайт. Айылга түтүк аркылуу менен таза суу тартылган эмес. «Жол чырак» ишканасы учурда күн сайын 600дөн 800 тоннага чейин көмүр казат.