Кара-Суунун имамы «Мекеним Кыргызстандын» үгүт иш-чарасында бата берди

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 11-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы үгүттөө иш-чараларынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Партиянын иш-чарасына Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит Батыров да катышкан — ал жолугушуунун аягында «бата» берди.

Сөз берип жаткан жерим.4-октябрь№4 Мекеним Кыргызстан саясий партиясы

Posted by Алишер Козуев on Saturday, September 12, 2020

«Кыргызстаныбыздын келечегин Кудай таалам кен кылсын, элибизде ынтымак, ыйман, ырыс берсин! Жерибизге Кудайым берекет, бүтүндүк берсин! Мамлекетибизге Кудайым тынчтык, туруктуулук берсин! Кылган батабыз кабыл болсун!» — деген Батыров.

*Мыйзамга ылайык диний ишмерлерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.

Ош облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз катчысы Манас Азимбай уулу Кара-Суунун имамы «Мекеним Кыргызстандын» жолугуусунда болгонун «Клоопко» тастыктады. Ошол эле учурда басма сөз катчы Абдирашит Батыров ал жерде эч бир партияга үгүттөбөгөнүн белгиледи.

«Ар кандай жакшылык болобу, жамандык болобу, чогулуш болобу — бардык тармактарда биздин диний кызматкерлерди чакырат. Кээ бир жерлерде Куран окутат. Өзүңүз көргөндөй эле ал [Абдурашит Батыров] эч бир партия тууралуу сөз, болгону мамлекеттин амандыгын, тынчтыгын тилеп дуа кылып коюптур», — деди Азимбай уулу.

Азимбай уулунун айтымында, муфтият имамдарга кайсы бир партияга үгүттөөгө тыюу салат.

Анткен менен 14-сентябрда Ош облусунун казысы Самидин Атабаев бир нече аймактардын имамдарын чогултуп, парламенттик шайлоого карата үгүттөө иш-чараларга катышпоону эскерткен — алардын ичинде Абдирашит Батыров да болгон.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз катчысы Марина Гречанная «Клоопко» бул маалыматты жумушчу топ карап чыгаарын билдирди.

Мындан үч жыл мурун президенттик шайлоодо БШК экс-муфтий Чубак Жалилов учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго үгүт жүргүзгөнүн аныктаган. Анын натыйжасында экс-депутат Камчыбек Ташиевге эскертүү берилген. Анткени БШК Жалилов катышкан иш-чараны Жалал-Абад облусундаТашиев уюштурганын эске алган. Ошол эле учурда президенттикке талапкерлигин койгойн Сооронбай Жээнбековго эч кандай чара көрүлгөн эмес.