«Сен башка аймакка кирип алдың». Кара-Сууда бажы кызматкери сабалды

Сүрөт: КТРК

Ош облусунун Кара-Суу районунда 40 жаштагы бажы кызматкери сабалды. «Турмуш» басылмасы билдиргендей, Савай айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылына барган бажычыны үч киши «сен башка аймакка кирип алдың» деп ур-токмокко алышкан.

Ошондой эле Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 10-сентябрда аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургуну милицияга сабалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылгандыгын билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө сабалган киши бажы кызматында иштегендиги тастыкталды.

«Октябрь айылына бала бакчада иштеген жубайын жумуштан алып кетүү үчүн барган. Окуяга шектүү катары бирөө кармалып, экөө дайынсыз. Кармалган кишиге сот бир айга санкция берип, камакка алган», — деди Аширбаев.

Савай айыл өкмөт башчысына байланышкан чырлар

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүн Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков — ред.) жетектейт. Ал бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн

Ошондой эле эрежесиз уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны бутуна тапанча менен атканын ашкерелеген. Ал ооруканада жаткан учурда Сайпидинов менен Саркарбаев келип, «Арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айткан.

Мындан сырткары интернет колдонуучулар Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.