«Мекеним Кыргызстандын» талапкери Бишкек мэриясын конституциялык укукту бузууга айыптады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Элнура Алканова социалдык барактарында Бишкек мэриясынын үсүнөн даттанды.

Ал муниципалитетти партиянын «Адинай» паркындагы жаштар форумун үзгүлтүккө учуратты деп айыптады. Талапкер форум өткөрүүнүн акчасы төлөнүп, мэрия электр энергиясын берүүнү убада кылып, бирок аны бербей жана уюштуруучуларды өз убагында киргизбей койгонун айтууда.

«“Мекеним Кыргызстан” партиясы расмий кабар берип, бул иш-чаранын акысын төлөгөн. Бишкек мэриясы электр энергия бербей, конституциялык укугубузду бузду!» — деп жазган ал. Анткен менен партия пландаган форум өткөрдү.

Материал жарык көрөөр алдында Бишкек мэриясы комментарий үчүн жеткиликсиз болду.

«Мекеним Кыргызстан» 

«Мекеним Кыргызстан» партиясын таасирлүү Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Бул партиядан үй-бүлөнүн бир мүчөсү, депутат Искендер Матраимов аттанууда. Кланда эң эле белгилүүсү — Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу иликтөөсүнүн фигруранты болгон.

Аны кыргыз саясатынын «көмүскө кардиналы» деп аташат.

Партиянын мүчөлөрү бир нече ирет мыйзамсыз үгүттө байкалышкан. Айтсак, партия коронавирустун пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө карабастан Баткен облусунда концерт өткөргөндүгү үчүн Кылычбек Исмамбетовго 7500 сом штраф салынган. «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз саясий бирикменин жетекчилиги концерт тууралуу билген эметигин кабарлашкан.

Ырчы Бек Борбиевге да шайлоо алдындагы үгүттүн талаптарын бузганы үчүн 7 500 сом айып салынган. Ырчы «Мекеним Кыргызстан» аттуу клип жарыялап, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотиби бир нече жолу көрсөтүлгөн.

«Мекеним Кыргызстан» менен бийликтин «Биримдик» партиясынын ортосунда шайлоодо лидерликке чыгуу үчүн тымызын күрөш жүрүп атканы айтылууда. «Биримдик» президентке ыктаган партия деп аталууда, анда депутаттыкка президенттин иниси Асылбек Жээнбеков жана экс-социал демократтар бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекеним Кыргызстандын» талапкери Зафарбек Айдаров Кара-Сууда сабалган эмес — Алканова

БШК «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерине концерт койгону үчүн айып салды

Аксыда «Биримдиктин» тарапташын «коркуткан» «Мекеним Кыргызстандын» үгүттөөчүсү кармалды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы концерт менен коштолду