Коронавирус дагы 71 кишиден аныкталып, 114 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 22-сентябрда коронавирустун жаңы 71 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 20;

Ош облусу — 17;

Жалал-Абад облусу — 13;

Чүй облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 5;

Бишкек — 4;

Ош шаары — 2;

Талас облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 45 542ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 881. Ал эми Чүй облусунда — 5 504, Ош облусунда — 4 345, Жалал-Абадда — 4 488, Ысык-Көлдө — 3 952, Ош шаарында — 3 437, Баткенде — 2 732, Нарын облусунда — 1 739 жана Талас облусунда — 1 464 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 114 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 23, Жалал-Абад облусунан — 18, Ош облусунан — 21, Ош шаарынан — 14, Баткен облусунан — 14, Чүй облусунан — 7, Талас облусунан — 3, Нарын облусунан — 2 жана Ыссык-Көл облусунан — 12 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 41 796 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 545 бейтап, ал эми үй шартында 1791 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Чүй облусунда эмгектенген бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада беш медик айыкты жана 20 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 203кө жетти, анын ичинен 2 847 медкызматкер илдеттен айыкты.