Аравандагы мушташ. БШК Маннанов менен Файзуллаевди шайлоодон четтетти

«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 24-сентябрда жыйын өткөрүп, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов менен «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевдин шайлоого каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бир нече саат мурун тараптар жарашканы кабарланган болчу.

20-сентябрда Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы учурунда аталган партия менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан.

Ал массалык мушташка айланып, 13 киши ооруканага кайрылып, алтоосу Араван аймактык, бирөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Алты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген. Ошондой эле, беш унаа талкаланып, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат.

«Мекеним Кыргызстандын» тарапкери Мухриддин Алимовдун айтымында, аны «Биримдиктин» тарапташтары жүйөөсүз сабашкан. Бирок Алимов өзү массалык мушташка катышпагандыгын жана үгүт иштерине да аралашпаганын айткан. Ал ооруканада жаткан атасын көргөнү баратканда сабалган.

Алимовдун атасы Моминжон Алимов «Мекеним Кыргызстандын» Юсупов айыл өкмөтүндөгү штабын жетектейт. Ал мушташка айланган үгүт иш-чарасына катышып, андан мээси чайкалып жана мурду сынган. Учурда ооруканада.

Ошондой эле, чогулуш учурунда «Биримдиктин» талапкеринин туугандары келип, аралашып баштагандан кийин уруш чыкканын айткан.

Ал эми Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Мушташка Файзуллаевдин инилери Зикирулло, Зубайдулло Файзуллаевдер да катышкан. Экөөнүн тең баш мээси чайкалып, бирөөнүн мурду, экинчисинин бармагы сынып ооруканада жатат. Ага-инилердин бири Зикирулло Файзуллаев аларды «Мекеним Кыргызстандын» балдары урганын гана айтып, башка комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бирок эки партия тең массалык мушташ «чагымчылдар» тарабынан жасалды деп расмий билдирүү таратты.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов ИИМге аталган жаңжалды тез арада иликтөөнү тапшырган. Президент Сооронбай Жээнбеков да мындан ары мындай окуяларга жол бербөө максатында компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин билдирген.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Мушташка катышкан 30 адам суракка алынып, бир нече киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.