Аравандагы мушташ: Беш киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Аравандагы массалык мушташтагы видеодон алынган скриншот.

Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстандын» үгүт иш-чарасы учурунда чыккан мушташка шектүү катары алты кишиге иш козголуп, анын бешөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди — бирөө ооруканада. Бул тууралуу «Клоопко» 25-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, тургундарга «Ээнбаштык» беренеси менен иш ачылган. Ооруканада учурда тогуз адам дарыланып, анын сегизи күбө катары сурак берип жатат.

«Жалпы катталгандардан 12 адам жабыркап, анын бирөөсү шектүү катары турат. Катталбай жөн гана медициналык жардам алгандар да бар. Талкаланган беш унаанын чыгымы толук тактала элек, техникалык эксперизанын бүтүмү калды», — деп түшүндүрдү ал.

Аширбаев учурда иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

«Мекеним Кыргызстандын» менен «Биримдиктин» тарапташтарынын чыры

Буга чейин 20-сентябрда аталган айыл өкмөттө өткөн жолугушуу учурунда «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыр чыгып, ал массалык мушташка айланган.

Алгач мушташтын чыгышына үгүт иш-чарасын өткөрүп жаткан Ильхом талапкер Маннанов башка партиянын талапкерин «жамандап койгону» себеп болгону айтылган.

Чырдан улам 10дон ашуун киши ооруканага кайрылып — анын алтоосу Араван аймактык, бирөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, алты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген. Ошондой эле 5 унаа талкаланган.

Окуядан соң Араван РИИБинин жетекчиси кызматынан алынып, ИИМ окуя боюнча иликтөөнү баштаган. Премьер-министр Кубатбек Боронов болсо күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеп, президент да өкмөттүн позициясын колдоого алаарын билдирген.

Жабырлануучулар болсо Араванда эки партиянын тиреши мурдатан болуп келгенин маалымдашкан. Бирок партиялар муну моюндашпай, уруш чагымчылдардын айынан гана чыкканын айтышкан.

Кийинчерээк 24-сентябрда тараптар жарашканы кабарланган. Бирок БШК ошол эле күнү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов менен «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевдин шайлоого каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми «Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.