Профессор Урманбетова «Кыргызстанды картадан чийип салуу оңой эле» деген пикири боюнча түшүндүрмө берди

27-сентябрда фейсбуктун Жоодар Шүкүралиев аттуу колдонуучусу «Эл душмандары! Жалгыз Аманкулов эмес экен!» деген жазуу менен видеотасма жарыялады. Анда «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов жана бир нече кишилер жыйын өткөрүп жатышканын көрүүгө болот.

Жыйынга чогулгандардын арасында профессор, философия илимдеринин кандидаты Жылдыз Урманбетова да болгон. Ал жыйында сөз сүйлөп, Орусия менен биригүү керектигин айткан.

«Советтик союздун аталышы менен болбосо да, башка көз карандысыз КМШ өлкөлөрүнүн аталышы менен биригүүгө болот. Биринчи кезекте Орусия менен. Биз абдан кичинекей мамлекетпиз, бизди [Кыргызстанды] дүйнөнүн географиялык картасынан чийип салуу оңой эле, ошондуктан бизге сырткы күч баары бир маанилүү», — деген профессор Урманбетова.

https://www.facebook.com/100025535867005/videos/699179780943211/?extid=aodxJL3QoJKugmVf

«Кыргызстан эгемендүүлүгүн экономикалык жактан сактай албай жатат»

Урманбетова «Клоопко» курган маегинде Аманкулов менен биргеликте буга чейин бир нече тегерек столго катышып жүргөнүн тастыктады. Бирок соцтармактарга тараган тасмадагы жыйын боюнча так маалымат бере алган жок. Ошондой эле, ал Кыргызстан дүйнөлүк картадан жоголуп кетиши мүмкүн деп айтканын футурологдордун пикири менен негиздеди.

Анын атымында, 21-кылымдын аягына чейин кичинекей мамлекеттер же калкы аз өлкөлөр жоголуп кетиши мүмкүн. «Анткени ааламдашуунун шамалы аябай оор, ага туруштук бериш үчүн мамлекетте аябай күчтүү тарых болуш керек, аябай бийик улуттук аң-сезим болуш керек жана ага тиешелүү терең маданият да болуш керек» деди.

Ошондой эле, окумуштуу эгемендүүлүк бул — Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги деп билдирди. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүгүн экономикалык жактан сактай албай жаткандыгын белгиледи.

«Анткени бутубузга тура албай жатабыз. Мамлекет толук эгемендүү болуп, ааламдашууга жооп бериш үчүн жана биздин проблемаларды чечүү үчүн Борбордук Азия аябай күчтүү болуш керек. Бирок Азия өзүн жакшы жактан көрсөтө албай жатат», — деди Урманбетова.

Урманбетова Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия бөлүмүн аяктаган. «Цивилизация көйгөйлөрү жана улуттук маданияттын өнүгүүсү», «Маданияттын философиясы» жана башка кыргыз элинин маданиятынын көйгөйлөрүнө байланышкан илимий макалалардын жана монографиялардын автору. Учурда ал Кыргыз-Түрк Манас университетинде окутуучу болуп эмгектенет.

Философия илимдеринин кандидаты наамын Казакстандын Алма-Ата шаарындагы Улуттук университетинде жактаган. Ал эми доктордук наамын Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынан алган. Бир нече университеттерде сабак берип келген. Анын ичинде Кыргыз-орус славян университети да бар. Эл аралык уюмдарда эксперт катары да иштеп келет.

Марат Аманкуловдун талкууга алынган билдирүүлөрү

Буга чейин социалдык тармактарда Аманкуловдун катышуусу менен эки видеотасма жарыяланган. Айкут Конушбай аттуу фейсбук колдонуучусу бөлүшкөн тасмада партиянын лидери 30 жылдык көз карандысыздыктан кийин «ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан.

Ал эми экинчи тасмада, профессор Урманбетова менен чогуу катышкан жыйында, Аманкулов советтер союзунун Кыргызстан үчүн өнүгүүгө жол ачканын белгилеп, мүмкүн ошол багытка карай аракеттенишибиз керек деген ойдо болгон.

«Биз баарыбыз бир нерсени ойлонот болушубуз керек. 30 жыл өттү […] мен катуу айтып жаткандырмын, бирок советтик союздун доору Кыргызстан үчүн ренессанс [өнүгүү], ошондой эле менин оюмча маданий секирик да болду. Мүмкүн биз ошол багытка карай аракеттенишибиз керек го...», — деген Аманкулов.

«Биримдиктин» партиясынын жообу

«Биримдик» саясий партиясынын басма сөз кызматы фейсбук баракчасында Аманкуловдун жыйындагы сөзү боюнча билдирүүсүн жарыялаган. Анда партиянын лидери видеотасманы шайлоо алдындага провокация деп белгилеген.

Ошондой эле видеотасмадагы иш-чара 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган салтанатта болгонун, ал эми анын сөздөрү контексттен кыркылып алынгандыгын билдирген.

«Кээ бир саясий партиялар шайлоо алдында ушундай ыплас технологияларды колдонуп жатканы өкүндүрөт. Менимче мындай чагымчылдык менен элди бөлүп-жарууга аракет кылгандан ордуна, ааламдашуу шартында интеграция идеяларын колдоо туура болмок», — деп жазылат билдирүүдө.

Аманкуловдун ача пикир жараткан билдирүүсү тууралуу «Биримдиктин» айрым талапкерлери да комментарий беришкен. Бирок алардын бардыгы Аманкуловдун позициясын колдоп, анын сөзү бурмаланган деген пикирди карманышууда.

Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылы

2019-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында эки өлкөнүн башчылары 2020-жылды Кайчылаш жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Кремлде кайчылаш жылдын ачылыш аземине арналган концертке Москва шаарындагы жана Орусиянын аймактарынан келген төрт миңдей кыргызстандык катышкан. Бул иш-чарага Путин менен Жээнбеков да күбө болгон.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалган.

Буга чейин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы өткөрүлгөн, ошондой эле советтик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы, кыргыз-орус опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгы сыяктуу эскерүү салтанаттарынын өткөрүү күтүлүүдө.