БШК парламенттик шайлоого кетчү чыгымдарды дээрлик 2 млн сомго көбөйттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын көбөйттү. Кошумча дээрлик 1 млн 860 миң сом Москвада дагы бир шайлоо участкасын уюштурууга сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Эми буга чейин аныкталган 447 млн 726 миң сомдун ордуна шайлоого 449 млн 583 миң сом коротулат. Москвада кошумча участок ачуу чечими 2020-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган.

Мындан тышкары, өлкө бийлиги парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан финансылык жардам сураган. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, Түркия мониторинг жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды сатып алууга 100 миң доллар (дээрлик 8 млн сом) бөлүп берүүгө даяр. Ошондой эле Түркиянын бийлиги Кыргызстанга байкоочуларды жөнөтмөкчү.

2019-жылдын сентябрында өкмөт парламенттик шайлоо өткөрүүгө 1,2 млрд сом караштырган. Бирок пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, Жогорку Кеңешке шайлоого 560 млн сом сарптоо пландалган.

Кийинчерээк БШК чыгымдар 446,9 млн сомго чейин оптималдаштырылганын кабарлаган. Парламенттик шайлоо өлкөдө 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.