Урматтуу саясатчылар, өзүн өзү ар кандай кызмат орундарына дайындагандар, мыйзамсыз топторду жана координациялык кеңештерди түзгөндөр!

«Клооптун» редакциясы азыркы учурда өлкөдөгү эң башкы мыйзамдуу орган — бул парламент экенин маалымдайт. Дал гана парламент Кыргызстан мындан ары кайсы жол менен кетерин чечиши керек. Албетте, эгер 5-октябрда Бишкектеги негизги мамлекеттик объектилердин басылып алынышына алып келген нааразычылыктын максаты буга дал келген болсо.


Өзүн өзү дайындаган саясатчылар жана алар түзгөн органдар мыйзамга ылайык жол-жоболоштурулганга чейин алардын чечимдери эч кандай күчкө ээ эмес.


Ошол эле Сооронбай Жээнбеков дагы деле мыйзамдуу президент. Ал өзү же парламент анын отставкасы боюнча маселени чечмейинче, ал президент бойдон кала берет.

«Клооптун» редакциясы прессанын жана жалпы коомчулукту тартуу менен айкын кабыл алынган, ошондой эле бардык мыйзамдуу процедуралардын сакталышы менен кылдат документтештирилген чечимдерди гана мыйзамдуу деп таанууга даяр. Бул нормалар сакталганга чейин, «Клооп» кызмат орундарын бөлүшүп, ар кандай кызматтарда өздөрүн дайындай баштаган адамдардын аракеттерин жана чечимдерин мыйзамдуу деп тааныбайт.

Эгер жаңы бийлик (алар ким болсо дагы) мыйзамдаштыруунун жолун жолдоюн десе, алар мыйзам ченемдерин сактоого тийиш. Бул маанилүү, анткени дал ушул гана алардын ниети таза экенин, алар коррупцияга каршы күрөшүүгө, адилетсиз куугунтукталып жаткандардын укуктарын коргоого, жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жана алардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга даяр экенин көрсөтөт.

Урматтуу кесиптештер, редакторлор, менеджерлер, Кыргызстандагы башка редакциялардын директорлору жана ээлери!


Учурдагы башаламандык жана хаос убагында биз маанилүү миссияга жооптубуз, анткени дал ушул убакта ЖМКлар Кыргызстандын жаңы бийлигин мыйзамдаштыруу же мыйзамдаштырбоо күчүнө ээ болушат. Бүгүнкү күндө ким мыйзамдуу, ким мыйзамсыз деп саналары көбүнчө бизден көз каранды.


Жогоруда айтылгандай, бийликтин кандай өтүшү керектиги боюнча Конституцияда жазылган бир гана мыйзамдуу жолу бар жана ал кандайдыр бир координациялык кеңеш тарабынан дайындоолор аркылуу эмес, өз билемдик менен министрлер кызматына өзүн өзү дайындоолор эмес жана тийиштүү процедураларды сактабастан жабык сүйлөшүүлөр аркылуу эмес.

Адамдардын өзүн өзү дайындоолорго кандай мамиле кылаары сиздерден — тексттеги жазылган ойлордон жана принципиалдуу редакциялык позициядан көз каранды болот. Эгер кимдир бирөө тийиштүү жол менен дайындалбаса, анда сиз аны милдетин аткаруучу деп атоого даярсызбы? Өзүңүзгө ушундай суроо бериңиз. Анан сиз ал адамды жана анын чечимин мыйзамдаштырганыңыз үчүн кийин жооптуу болууга даярсызбы?

Жок, даяр боло албайсыз. Ошондуктан, урматтуу кесиптештер, биз хаос, мародёрчулук жана башаламандык учурунда дагы мыйзамдуулукту карманабыз деп чечип алалы. Сиз дагы бул принциптер сакталган өлкөдө жашагыңыз келет да, чынбы? Биз да ошону каалайбыз, ошондуктан келгиле өзүбүз аларды сактап, окурмандарыбызга үлгү көрсөтөлү.

Баарыңарга рахмат! Урматтоо менен «Клооптун» жетекчилиги