Курсан Асановду ИИМдин жамааты кабыл албай, ал министрликтен чыгарылды

Курсан Асанов

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер Курсан Асанов мекеменин имаратынан 9-октябрда чыгарылды. «Азаттык» басылмасы буга ИИМдин кызматкерлери Асанов менен иштешүүдөн баш тартышканы негиз болгонун кабарлады.

Курсан Асанов 6-октябрдан тарта өзүн ИИМдин башчысы катары жарыялаган. Бирок министрликтин жеке курамы мыйзамдуу министр Кашкар Жунушалиевдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып баруусун талап кылышкан.

ИИМдин басма сөз кызматы Асановду министрдин милдетин убактылуу аткаруучусу деп маалымат тараткан. Ал эми Асанов өзү «Азаттык» басылмасына министрлик кызматка «элдин каалоосу» менен келгенин айткан.

Жунушалиев 5-октябрдан бери кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экени кабарланып, бирок ал 6-октябрдан тарта ишке чыкпаганы кабарланууда. Министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов да 6-октябрдан бери жумушка келген эмес.

Учурда министрдин орун басарлары Алмазбек Орозалиев жана Мирлан Каниметов иштеп жатышканы болгону белгилүү.

Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновду отставка кетирүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Боронов менен кошо өкмөттүн курамы дагы иштен бошотулду. Мындан сырткары өлкө башчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевди кызматынан бошотту.

Асановго карата козголгон иш

Асанов ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн 2019-жылдын 13-августунда ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан.

Министрликтен Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнү штурм менен алып жатканда ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «өзүн-өзү пиарлаганын» билдиришкен.

Алмазбек Атамбаев жана Курсан Асанов

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашышкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда.

Асанов өзү ИИМ коюп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Ал жеке кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору койбогонун жана милдетин аткарганын айткан.

Кийинчерээк Курсан Асановго карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылдын 27-августунда Курсан Асановду үй камагына чыгарган.

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Асанов ИИМдин жетекчилиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «тирүү албоо» максатын койгонун ачыктаган.