УКМК: Сот Атамбаевди ТИЗОдон кысым көрсөтүлгөндүктөн бошоткон

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ТИЗОдон үй камагына «кысым көрсөтүлгөндүктөн» улам коё берилген. Учурда Атамбаев кайрадан УКМКнын изоляторунда, комитеттин кызматкерлери аны 10-октябрда кармашкан.

«5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуя учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май сотунун судьясына карата күч колдонулган, жыйынтыгында, кысым көрсөтүлгөндөн кийин баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө жарлыкка кол койгон», — деп билдиришти УКМКдан.

Бул факт боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштү териштирип, Биринчи май райсотунун токтомун жокко чыгаруу маселесин карап жатат.

Анткен менен, Атамбаев эркиндикке «УКМКнын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча» чыкканын жана анын баш коргоо чарасын 2020-жылдын 11-ноябрына чейин өзгөртүү тууралуу токтом боюнча бошотулганын билдирет.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти. Борбордун өкүлдөрү УКМКнын тергөө абагына барганда мурдагы президент жана Курсан Асанов менен жолугушкан. Атамбаев буту ооруп жатканына жана дары-дармектердин жоктугуна даттанган, кийин дарылар жеткирилип берилген.

Саясий айып менен камалгандардын кармалуусу

УКМКнын кызматкерлери Атамбаев менен анын эки жансакчысын 10-октябрда кармашкан. Ошол эле убакта парламенттин учурдагы депутаттары «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка бекитишкен.

«Бишкек шаарыда массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында Атамбаев, Сагымбаев жана Мусакеев кармалды. Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатат», — деп кабарлашкан ошондо комитеттен.

Бирок, мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 12-октябрда Атамбаевди мыйзамсыз кармашканын айтып чыккан — жогоруда айтылган Биринчи май райсотунун токтому боюнча Кой-Таш окуясы тууралуу иштин бардык фигуранттары үй камагына коё берилгенин билдирген.

«Атамбаевди кармап УКМКга алып кетпеши керек эле. Эмнеге дегенде аны үй камагына которуу боюнча соттун чечими бар. Эгер аянттагы башаламандык боюнча жаңы кылмыш иши менен айып тагылса, кармаса болмок. Деген менен мен окуя Атамбаевдин күнөөсүнөн улам болду деп эсептебейм. Атамбаевди мыйзамсыз түрдө кармашты», — деп айтып берген Жоошев Sputnik басылмасына.

Атамбаев менен анын жансакчыларынан тышкары «Бүтүн Кыргызстандын» талапкери жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов да кармалган. Өткөн жылы мурдагы президенттин резиденциясын штурмга алуу учурунда Асанов аны колго түшүп берүүгө көндүргөн болчу.

Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов да кармалган. Ниязов, Курсан Асанов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана «Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбековго 9-октябрда массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталган. Алардын баары 10-октябрда кармалышкан, алар учурда УКМКнын ТИЗО-1де жана ТИЗОдо.

Бул кармоолордон кийин Башкы прокуратура Атамбаев менен анын үзөңгүлөштөрү 5-октябрда камактан мыйзамсын чыгышканын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коркутушканын билдирген.

Башкы прокуратура 5-октябрда өз билемдик менен эркиндикке чыгып кеткендердин калгандарынан кайра кайтууну өтүнүп, болбосо «катуу чаралар» көрүлөрүн айткан.

Атамбаев эркиндикте 5 күн болгон — анын тарапташтары Бишкектеги митингдердин жана массалык башаламандыктардын шартында мурдагы президентти 6-октябрга караган түнү тергөө абагынан бошотушкан.

Бул убакыт аралыгында ал оппозициялык митингге катышууга жетишкен. Аталган митингге экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кол салып, эки митингдин кагылышуусу учурунда белгисиз адам Атамбаевдин автоунаасына төрт ирет ок аткан.

Мурдагы президент 2019-жылдын августунан бери камакта отурган. Ошондо Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сурактарга келбей койгондуктан, күч түзүмдөрү анын резиденциясын штурмга алып, аны кармашкан. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, ондогон адам жабыркаган.

Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Кой-Таштагы окуя боюнча иш эмдигиче тергелүүдө. Бул иш боюнча мурдагы президент бийликти басып алууга айыпталууда.