«Ыйман Нуру» партиясынын лидери маданият министри болуп дайындалды

Нуржигит Кадырбеков

Өкмөт башчысы Садыр Жапаров Нуржигит Кадырбековду Маданият, маалымат жана туризм министри кылып дайындады. Кадырбеков «Ыйман Нуру» саясий партиясынын тең төрагасы.

«Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды», — деп жазылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга чейин аталган министрликти Азамат Жамангулов жетектеп келген.

Парламенттик шайлоодо 3, 37 пайыз добуш алган. Ал партиялардын лидерлери арасында өткөн теледебатта «коррупцияны ооздуктоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү» сунуштаган. Шайлоодон кийин Бишкекте 5-октябрда өткөн мөөнөтсүз митингде жыйынтыкты тааныбай турганын билдирген.

Кадырбеков 43 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Ал төрт жыл «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусун жетектеген.

2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Өткөн жылы депутат Жанар Акаев парламентте Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядан «Ыйман» фондуна 5 млн доллар сураганын айтып сынга алган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнө турган түрк грантынын экинчи траншы деп түшүндүрүшкөн.

«Ыйман» фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.

Фонд ачылган учурда Түркия мамлекети алгач 10 миллион долларлык каражат берүүгө убада бергени кабарланган. Бирок «Азаттыктын» журналисти фондго кайрылып каржы отчетторун ала алган эмес.