Өткөн суткада коронавирус 470 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 17-октябрда коронавирустун жаңы 470 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 403ндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 67синде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Ош облусу — 97;

Бишкек — 98;

Жалал-Абад облусу — 98;

Баткен облусу — 82;

Ош шаары — 38;

Чүй облусу — 32;

Ысык-Көл — 17;

Талас облусу — 7;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 51 490га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 866. Ал эми Чүй облусунда — 5 869, Ош облусунда — 5 560, Жалал-Абадда — 5 599, Ысык-Көлдө — 4 206, Ош шаарында — 3 958, Баткенде — 4 096, Нарын облусунда — 1 783 жана Талас облусунда — 1 553 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 221 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 63, Жалал-Абад облусунан — 40, Бишкек шаарынан— 36, Ош шаарынан — 6, Баткен облусунан — 30, Чүй облусунан — 23, Ысык-Көл облусунан — 20, Талас облусунан — 3бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 45 509 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 353бейтап, ал эми үй шартында 2049 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1108 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 21 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан, Жалал-Абад облусунан — бештен, Ош шаарын жана Талас облусунан — бирден, Баткен облусунан — алты жана Ысык-Көл облусунан — үч медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада алты медик айыкты жана үй шартында 11 медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 529га жетти, анын ичинен 3 145 медкызматкер илдеттен айыкты.