Акыркы суткада коронавирустун 582 жаңы учуру катталды — анын 127си Ош облусунда

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-октябрда коронавирустун жаңы 582 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 437синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 145инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Ош облусу — 127;

Баткен облусунан — 113;

Жалал-Абад облусу — 86;

Чүй облусу — 81;

Бишкек шаары — 63;

Ош шаары — 59;

Ысык-Көл — 29;

Талас облусу — 17;

нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 54 588ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 19 383. Ал эми Чүй облусунда — 6 163, Ош облусунда — 6 104, Жалал-Абадда — 6 206, Ысык-Көлдө — 4 331, Ош шаарында — 4 265, Баткенде — 4 711, Нарын облусунда — 1 805 жана Талас облусунда — 1 620 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 324 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 101, Жалал-Абад облусунан — 61, Бишкек шаарынан— 25, Ош шаарынан — 49, Баткен облусунан — 48, Чүй облусунан — 25, Ысык-Көл облусунан — 10, Нарын облусунан — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 47 050 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 139 бейтап, ал эми үй шартында 2 719 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 126 адамдын өмүрүн алды.