БШК: Массалык башаламандыктарга тиешебиз жок

21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул боюнча чакыруу кагазынын сүрөтүн боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

Чакырууда Журабаева күбө катары чакырылып жатканы жазылган.

Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылганын кабарлады. БШКнын мүчөлөрү чукул түрдө жыйынга чогулуп, бул аракет тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө маалымдоону көздөшкөн.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, суракка алар 5-6-октябрда өткөн массалык башаламандыктар боюнча чакырылган. Бирок БШК мүчөлөрү башалмандыктарга тиешеси жок экендигин айтып, каршылык көрсөткөндө, ИИМ кызматкери кайра кеткен.

Журабаева боршайкомдун жыйынында суракка чакырууну «көз карандысыз конституциялык органга карата коркутуу» деп санай турганын билдирген.

Ал эми, ИИМ БШК мүчөлөрүн 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтып, аталган окуяга түрткү болгон себептерди аныктоо максатында күбө катары суракка алуу үчүн БШКнын имаратына ИИМдин кызматкери барганын билдирди.

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Анда Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжоев шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча маалыматтар БШКга берилгендигин айткан. Алар тараптан эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, БШК мүчөлөрү күбө катары өтө тургандыгын билдирген.

Шайлоодо БШК тарабынан кандай кемчиликтер болгон

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинге чыгып, митинг күч түзүмдөрү менен кагылышууга чейин жетип, натыйжада бир адам каза тапкан. Митингге чыккандар Ак үйдү, андан соң УКМКнын имаратын басып алышкан. Кийинчерек БШК шайлоону жокко чыгарган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламенттик шайлоо БШК тарабынан баштан аяк мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирген. Анын айтымында, Боршайком добуштарды сатып алуу, админресурсту колдонуу фактыларына чара көрбөгөнүн, шайлоо участкаларынын чек араларын белгилебегенин жана ар кандай шылтоолор менен укук коргоо органдарынын аракетсиздигин жаап-жашырган.

Мындан сырткары Абдрахматова 5-октябрда болгон окуяларга толугу менен БШКнын мүчөлөрү жооптуу экенин, анткени БШКнын жогоруда айтылган кыймыл-аракеттери ушул окуяларга алып келгенин белгилеген.

Ошондой эле, ал кесиптештерин, өзгөчө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы аракетсиздик үчүн сынга алып, 16-октябрда Боршайкомдун мүчөлүгүнөн кеткени тууралуу арыз жазган.

Парламенттик шайлоо кайра өтөт

Боршайком 21-октябрда жыйында Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо 20-декабрга өтө тургандыгын маалымдады.

«Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардан шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун карап чыгууну суранган. Сулайманов шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, №2 форманы жокко чыгарып жана шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү сунуштады.

Анын сунушун депутаттар «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев колдоп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керектигин белгилеген.

*Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бир мандаттуу шайлоо өткөрүүнү жана конституциялык реформаларды жүргүзүүнү сунуштаган. Көп өтпөй ал биринчи парламенттик шайлоо өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин айткан.

Примьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн ичинен президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөткөн.

Ал эми Шайлдабекова бул мыйзамга каршы келерин айткан. Ал « “Жогорку Кеңештин таркатылышына, Жогорку Кеңештеги фракциялардын курамынын өзгөрүшүнө, президенттин укуктарынын токтотулушуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши токтотулбайт”» — деп баш мыйзамга таянуу менен пикирин билдирген. Ошондой эле, Шайлдабекова Жогорку Кеңеш чечимди мыйзамдын негизинде кабыл аларына ишенгенин белгилеген.