ЭлТР телеканалынын жамааты жаңы жетекчини кабыл албай, иш таштады

Сүрөт Бакыт Сакыбаевдин фейсбук баракчасынан алынды

ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлери 19-октябрда башкы директор болуп дайындалган Шаиста Шатманованы кабыл алган жок. Бул тууралуу ЭлТРдин алып баруучусу Бакыт Сакыбаев 26-октябрда фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 16-октябрда өкмөттүн өкүлү Бактыбек Ырсалиев ЭлТРдин жамаатына келип, Шатманованы жетекчиликтен кетирүү үчүн үч күн сураган. Бирок арадан он күн өтсө да башкы директор алмашкан жок.

«Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00дөн баштап, ЭлТР МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук», — деп жазды Сакыбаев.

Мындан сырткары, телерадиокомпаниянын кызматкерлери бул иш таштоодон майнап чыкпай турган болсо, Шатманованы кызматка дайындоочу чечимди жокко чыгаруу үчүн сотко даттана турганын белгилешти. Шаиста Шатманованы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган болчу.

Шаиста Шатманова Керимбек Калыкуловдун ордуна келген. Ал дайындалгандан бир нече күн өткөндөн кийин ЭлТРдин Бишкек жана Ош шаарындагы кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Телерадиокомпаниянын кызматкерлери бийликтен «мурдагы жетекчинин орун басарларын же жамааттын ичинен бирөөнү жетекчи кылып дайындоону» талап кылышкан.

Ал арада соцтармактарда Шатманованын «иштегиси келбесе колу-бутун байлабайбыз» деп айткан видеосу тараган. Телеканалдын кызматкерлери мындай билдирүүнү «урматсыздык» деп эсептешет.

Жаңы жана эски кадрлар

2020-жылдын август айында Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезитинин директорлук кызматынан кеткен. Шатманова менен кошо Super.kg порталынын директору менен башкы редактору дагы жумуштан кетүү арызын жазышкан.

Шатманованын айтымында, бул кадамга барууга саясий көз караштардын айырмачылыгынан улам ага көрсөтүлгөн «кысым» себеп болгон. Ал мурдаарак да редакцияга кысым көрсөтүлүп жатканын көп ирет айтып келген.

«Супер Инфо» гезити менен Super.kg порталын Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланыштырып келишет. 2019-жылдын май айында аталган ресурстардын ээлери алмашканы айтылган.

FactCheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров да редакция Матраимовдун гезитке тиешеси бар-жогун текшерип атканын кабарлады.

«Азырынча бүтө элекпиз. Айрым маалыматтар бар. “Супер инфонун” жаңы ээлери Матраимовдордун жердештери, Кара-Суудан болушат. Ээси алмашкандан кийин “Супер инфонун” жамааты жаңы жерге, “Эльдорадо” соода борборуна көчкөн. Анын ээси бизге белгилүү болгондой, Минавар Жумаева эсептелет — Искендер Матраимовдун жубайы. Бул байланыштар бар», — деди ал.

Гезиттин негиздөөчүсү жана мурдагы элчи Кылычбек Султан бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.

«Супер Инфо» гезити 2002-жылдан бери чыгып келет. Бүгүнкү күндө ал эң популярдуу делген кыргыз тилдүү гезиттердин бири. Гезиттин Super.kg деген көңүл ачуучу жана жаңылыктар түрмөгү чыккан порталы да бар.

Журналист Керимбек Калыкулов «ЭлТР» каналынан башкы директорлугуна 2020-жылдын 13-январында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бекитилген. Ага чейин ал «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун Ош облусу боюнча орун басары, Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери болуп иштеген.

2014-жылдын июлунан 2020-жылдын январына дейре Калыкулов «ОшТВ Телеканалы» ЖЧКсынын башкы директору болуп турган.