«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылды

«Үмүт» саясий кыймылы. Сүрөт: Акипресс

Парламенттик шайлоого катышкан бир нече саясий партия «Үмүт» кыймылын түзүп, басма сөз жыйын өткөрүштү. Аталган саясий кыймылга «Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Социал-демократтар» партиялары кирген.

Партиялардын өкулдөрү Конституцияны шашылыш реформалоого каршы экенин билдиришип, алгач парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү керектигин айтышты. Ошондой эле «Үмүттүн» мүчөлөрү бийликке бир катар талаптарды койду. Алар:

  • парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү;
  • шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюу — учурда бул долбоорго президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров кол коюусу керек;
  • шайлоо учурунда добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонгондорго жеткиликтүү чара көрбөгөн ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМКны жоопкерчиликке тартуу;
  • Борбордук шайлоо комиссиясына басымды токтотуу;
  • Жогорку Кеңешти таратуу;
  • партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү.

«Реформа» партиясынын талапкери Азият Жекшеев парламенттик шайлоону БШК дайындаган 20-декабрда өткөрүү зарыл экенин белгиледи.

«Биз укуктук талаага бир гана ушул жол менен кайта алабыз», — деди Жекшеев.

Ал эми «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков эгерде бийлик бул талаптарды аткарбаса нааразычылык акциялары улана турганын билдирди.