Бишкекте 100 орунга ылайыкталган инфекциялык оорукананын жаңы корпусу ачылды

Республикалык штаб 28-октябрда Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жаңы корпусу ишке киргенин кабарлады. Өкмөттүн буйругу менен Нарын жана Ош шаарында да жаңы типтеги тез курулуучу эксперименталдык эки оорукана курулуп жатат.

Бишкектеги корпус Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун каражатына курулган. Бардык талаптарга жооп бере турган жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу жана анын ичине орнотула турган бардык тийиштүү жабдуулар үчүн 77,5 млн сом сарпталган.

100 орунга ылайыкталган оорукана COVID-19 жуктурган бейтаптардын алгачкыларын, анын ичинде оор абалдагыларды кабыл алууга даяр. Оорукананын 30 оруну жандандыруу бөлүмү үчүн бөлүнгөн.

«Ооруканага 180 бирдикке жакын медициналык шайман, эмеректер, тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир көчмө рентген аппараты, 10 ИВЛ, 20 ВИПАП аппараты, 62 кычкылтек менен каныктыруучу шайман, 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык шайман, бейтаптын абалын 26дан ашуун жеке көзөмөлдөө жана 1 көчмө УЗИ аппараты орнотулду», — деп белгишет штабдан.

Пандемия басаңдаганда корпуста COVID-19дан башка да ооруларды дарылоого болот: имарат 50 жылдан кем эмес кызмат кылат деп күтүлүүдө.

Бишкектеги оорукананын курулушу 25-июлда башталып, аны «кыска убакытта» бүтүрүү убада кылынган: мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов курулушту бир айда бүткөрүүнү талап кылган. Бирок сентябрдын башында оорукана ачылган эмес: куруучулар тапшырманы аткара алган эмес.

Курулуш аянтынан тартылып алынган сүрөттөр жарыялангандан кийин соцтармактардын колдонуучулары аны «уйкана» жана «мал короосу» менен салыштырышкан. Ал эми Боронов 8-сентябрда брифингде адамдардын нааразылыгына реакция кылып, курулуштун ылдамдыгы менен оорукананын көрүнүшүн «сынга алуу бир аз туура эмес» деп билдирген.