Садыр Жапаров Тилек Матраимов тууралуу берилген суроону жоопсуз калтырды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолукту. Ага мамлекеттик кызматкерлер, активисттер жана жөнөкөй жарандар келишип, Жапаров алардын суроолоруна жооп берди. Бирок ал «Тилек Матраимовдун “маселеси” эмне болот?» деген суроону ачык бойдон калтырып, жооп берген жок.

Жапаров өлкөнүн түштүгүндө үч күндүк иш сапары менен жүрөт. Буга чейин ал Баткен облусуна барган болчу. Алдыда Жалал-Абад облусуна барат.

«Азыркы учурда Төлөйкөн айыл өкмөтү жана Кара-Суу району боюнча көп айтылып жатат. Кара-Сууда шайлоо учурунда оор кырдаал болгонун билесиздер. Кара-Суунун акими Тилек Матраимов болчу, анын маселеси эмне болот?», — деп суроо узаткан аянттагы жолугушууга келген киши.

Жапаров жарандын шайлоо боюнча суроосуна бир эле Кара-Сууда эмес, шайлоо бардык жерде эле таза эмес болгонун айтып, кийинки шайлоолор таза өтөт деп ишендирди.

«Мындан кийинки шайлоолор таза өтөт буюрса. Шайлоолорду толук көзөмөлгө алабыз. Эгерде мыйзам бузуучулар болсо сөзсүз түрдө камалат», — деди Жапаров.

Бирок Тилек Матраимов боюнча суроого жооп берген жок.

Тилек Матраимов — Ош облусундагы Кара-Суу районунун мурдагы акими жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда таасирдүү деп эсептелет.

Тилек Матраимов шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар Бишкекте Ак үйдү басып алгандан кийин, 6-октябрда акимдик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ошол эле күнү ал Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Көп өтпөй Тилек Матраимовдун Кара-Суу районунун администрация башчылыгына кайтып келди деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты агасы депутат Искендер Матраимов төгүндөгөн. Ошондой эле, Искендер Матраимов инисинен эки тараптуу пневмония аныкталып, дарыланып жатканын айткан.