Экономикалык мунапыстын алкагында 4 адам мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп берди — Башкы прокурор

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 4-ноябрда өткөн басма сөз жыйында билдиргендей, экономикалык мунапыстын алкагында кылмыш иштеринин төрт фигуранты мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп берди.

Зулушевдин айтымында, иштин фигуранттары УКМКнын депозиттик эсебине 382 млн. 533 миң сом которгон. Бирок Башкы прокурор тергөө сырын сактап, бюджетке акча төгүп бергендердин атын атаган эмес.

Экономикалык мунапысты президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров расмий билдирүүсү менен 21-октябрдагы кайрылуусунда жарыялаган.

Жапаров коррупциянын жардамы менен мыйзамсыз байыгандардын бардыгына акчаны өз ыктыярлары менен мамбюджетке кайтарып берүү үчүн 30 күндүк убакыт берерин билдирген.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, мамлекетке келтирген зыянды өз эрки менен бюджетке кайтарып бергендерге эч кандай жазалоо же куугунтуктоо болбойт.

Бирок Жапаров жарыялаган Экономикалык мунапыс колдонуудагы мыйзамдарга каршы келет. Мыйзамга ылайык, мунапыс кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт, ал эми коррупционерлерге мунапыс берилбеши керек.

Мурдараак «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин иликтөөсүнүн бир фигуранты — экс-бажы кызматкери Райымбек Матраимов камакка алынгандан кийин мамлкетке келтирилген зыян катары 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.

Ошол эле учурда эгер ал сот тарабынан күнөөлүү деп табылса экономикалык мунапыс ага карата иштеп-иштебеси азырынча белгисиз.

Матраимовдун ишинен сырткары, Финполиция менен УКМК башка дагы коррупциялык схемаларды жигердүү иликтей баштаган. Анын ичинде финпол экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди да радиожыштыктарды сатуу иши боюнча суракка алган. Тергөө органдары депутат Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү «Гоин» жана «Таатан» соода борборлоруна тинтүү жүргүзгөн.

Дагы окуңуз: Жапаровдун «экономикалык мунапысы» мыйзамга каршы келеби? Ошондо Матраимов камалбайбы?