Атамбаев сотто аны камакта калтырып, үзөңгүлөштөрүн бошотууну суранды

Сүрөт: Кундуз Жолдубаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин сотко жолдогон кайрылуусун жарыялады. Сотто 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы каралды.

Атамбаев камакта өзүн гана калтырып, камактагы бардык үзөңгүлөштөрүн бошотууну суранды.

«Мага 11 жыл беришти, бирок мага каршы бир да көрсөтмө жок. Бардыгын убакыт далилдейт. Чындык баары бир жеңээрин билем. Мени менен чогуу отурган Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов — мени сатып кетпегени үчүн гана отурушат. Мен бардыгына чыдайм. Үй камагындагылар үй камагында калышы керек. Азыр камакта болуп аткандар коё берилиши керек», — деп келтирет Атамбаевдин кайрылуусун Кундуз Жолдубаева.

Жыйынтыгында судья бул иш боюнча соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүн 2021-жылдын 11-январына чейин узартты. Иштин фигуранттарынын көбүнүн баш коргоо чаралары үй камагында калуу болуп узартылды. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында массалыш башаламандык уюштурууга шектелип абакта отургандыгына байланыштуу сот алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин караган жок.

Мурдараак Атамбаев сот жыйындарына катышуудан баш тартып жаткан болчу. Ал баш тартуусун «болуп аткандын бардыгы мыйзамсыз» экендиги менен негиздеген.

Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу

Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы резиденциясы эки күнгө созулган штурмдан кийин 2019-жылы 8-августта кармалган. Анда спецназчылардын бири Үсөнбек Ниязбеков каза таап, дагы 100 адам ар кандай жараатарды алган.

Мурдагы президент жана анын үзөңгүлөштөрү «Масаалык башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренелери боюнча айыпталган. Бул иш боюнча жалпы 19 адам фигурант катары өтүүдө.

Мындан тышкары, Атамбаев мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул 2013-жылы бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу өкүм.