Кайрылуу: Матраимовдорго сот аркылуу журналисттердин оозун жабууга жол бербеңиз

Иллюстрация: OCCRP

Сиз Кыргызстанда бардык бут тосууларга карабастан сөз эркиндиги бар экенине сыймыктанасызбы? Биздин иликтөөчү-журналисттердин эр жүрөктүгүнө сыймыктанасызбы? Анда эртең Бишкектин Свердлов райондук сотуна келип, бизди колдоп бериңиз!

Бир жыл мурда «Клооп», «Азаттык» радиосу жана OCCRP кыргыз бажысындагы аткезчилик жана коррупциялык схемалар тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөлөрдү жарыялай баштаган. Бул материалдар Кыргызстандын саясий жана коомдук турмушунда чоң роль ойноду деп эсептейбиз.

Мисалы, ушул макалалардан улам эл экс-бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштеринин масштабынан кабардар болушкан. Матраимовдорго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы октябрдагы парламенттик шайлоодо экинчи орунга жеткенде элдин сабыры түгөнүп, шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына коомдогу кыжырдануу дагы бир себеп болгон.

Былтыр Матраимов жана анын туугандары — анын ичинде парламенттин депутаты Искендер Матраимов — «Азаттык» радиосу менен «Клоопту» сотко берген. Алар башынан эле ЖМКлардын ишмердигин токтотууга аракет кылышкан. Мисалы, кайсы бир маалда «Клооп» менен «Азаттыктын» банктык эсептери тоңдурулуп турган, мындан улам биз ишмердигибизди толук кандуу уланта албай калышыбыз мүмкүн эле. Мындан тышкары, Матраимовдордун үй-бүлөсү кыйла чоң сумманы талап кылган, а биз өзүбүздү күнөөлүү деп эсептебейбиз.

Медиа коомчулук буга чейин да сотторду далай жолу Матраимовдордун үй-бүлөсү койгон доону четке кагууга үндөп, ал эми эл аралык «Чексиз репортёрлор» уюму болгон процессти сандырак деп атаган. Бирок мындан майнап чыккан эмес — доо ошол бойдон чакыртып алынган эмес.

Бийлик алмашканы менен Матраимовдор дагы деле артыкчылыктуу абалда калууда. Кыргызстандын жаңы жетекчилиги алгач коррупциялык схемаларды толук кандуу иликтей турганын убада кылган. Бирок бул аракеттер Матраимовдор жана УКМКнын ортосундагы келишим менен гана чектелүүдө — ал акча төлөп, ...эркиндикте кала береби? Бул анын күнөөсү далилденди дегенди түшүндүрөбү? Ал эми бизге каршы сот процессинде да ал суудан кургак чыгып кетеби?

Эртең, 12-ноябрда, саат 16:00дө Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун ЖМКга карата доо арызына байланышкан сот отуруму өтөт. Ал тургай, бул алгачкы маңыздуу отурум болмокчу.

Биз сиздерди сотко келип бизди колдоого чакырабыз — жыйын ачык болот жана ага ар бир адам келе алат, болгону жаныңызда паспорт болушу керек. Биз Свердлов райсоту да, Матраимовдордун үй-бүлөсү да бул процесс коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө өтөөрүн түшүнүп, алардын ар бир мыйзам бузуусу дароо байкалып, көптөгөн күбөлөр тарабынан каттоого алынаарын эстерине салгыбыз келет.

Бул процесс бизге гана эмес, Кыргызстандагы жалпы сөз эркиндиги үчүн зор мааниси бар. Эгерде биз бүгүн коррупциялашкан чиновниктерге сот аркылуу тилибизди кестирсек, алардын байланган колун чечкен болобуз. Андай шартта алар тууралуу жазуу кыйындайт.

Кыргызстан сөз эркиндигин жоготуп алышына жол бербеңиз! Сотко келип бериңиз!