Ошто эки өзбекстандык кармалды, алардын бири секс кызматын көрсөтүү үчүн келген

Ош шаарында 11-ноябрда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Алар 26 жаштагы эркек жана 21 жаштагы аял киши — Өзбекстандын Фергана облусунан келишкен.

Аял киши милицияга жашоо шартынын оордугунан улам Ошко октябрь айында «секс кызматын көрсөтүү үчүн» келгенин айтып берген. Чет өлкөлүктөр шаарда мыйзамсыз жашап жүрүшкөн.

ШИИБ тарабынан топтолгон материалдар жана эки жаран УКМКга өткөрүлүп берилди.