Видео: Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалган абакта узун дасторкон жайылды

Социалдык тармактарда №47 колонияда тартылган тасмасы тарады. Анда колониянын футболдук аянтчасында жайылган дасторкондун үстүндө абактагылар отурганын көрүүгө болот. Алардын арасында «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек (Көлбаев) да бар.

Тасмада көрүнүп тургандай, жүздөгөн соттолуучулар үчүн тамак-аш уюштурулуп, алардын бири ырчы Алла Пугачеванын «Миллион алых роз» чыгармасын ырдап берген — ырдын сөздөрү өзгөртүлгөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан бул видео боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти.

Криминалдык төбөл Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү «Авангард» спортклубунда кармалган. Ал «кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышууга» шектелип жатат.

Биринчи май райондук соту Көлбаевди УКМКнын тергөө изоляторуна «тергөө аяктаганга чейин» киргизген. 5-ноябрда ал «ден соолугуна байланыштуу» №47 колониясына которулган. Тасма ошол күндөрү тартылган болушу ыктымал.

Аталган колонияга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы которулган болчу.

Көлбаев криминалдык дүйнөдө «Коля-киргиз» каймана аты менен таанымал. Ал 2008-жылы «таажыланып», «мыйзамдагы ууру» наамына ээ болгон — бул кримчөйрөдө эң жогорку статус болуп эсептелет. Көлбаевди «таажылаган» криминалдык төбөлдөрдүн арасында дүйнөдө белгилүү болгон Аслан Усоян («Дед Хасан») жана Вячеслав Иваньков («Япончик») да болушкан.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди «Опуза талап» кылганы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 2014-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсүндө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.