Абакта жайылган дасторконду тасмага тарткан соттолуучу жазаланды

Кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармалган №47 колонияда тартылган тасма 5-ноябрь күнү тартылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта спорттук иш-чаралар уюштурулган. Ошондой эле колониянын футбол аянтчасында абактагылар үчүн менюга ылайык тамак берилген.

«Түшкү тамактануу учурунда жупуну дасторкон жайылып, анда спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды, ошондой эле диний жөрөлгөлөр (куран окуу) өткөрүлдү», — деп берилет ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери соттолуучуларды тасмага тарткан кишини тапты — ал 10 жылга соттолгон 24 жаштагы жаран. Учурда ал бир айга айыптык изоляторго киргизилди.

Буга чейин ЖАМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди №47 колонияда сүрөткө тарткан эки камалуучуну 15 күнгө карцерге киргизген болчу.

*Айыптык изоляторго киргизилген камалуучу жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат.

11-ноябрда социалдык тармактарда №47 колониясынын футболдук аянтчасында жүздөгөн камалуучулар дасторкон жайып, тамактанып жаткан тасмасы тараган. Алардын арасында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев да болгон — ал 5-ноябрь күнү УКМКнын тергөө изоляторунан «ден соолугуна байланыштуу» №47 колониясына которулган.

Криминалдык төбөл Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү «Авангард» спортклубунда кармалган. Ал «кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышууга» шектелип жатат.