Журналист Кудрет Тайчабаров Бишкек ЭЭАнын башчысы болду

Журналист Кудрет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) башчысы болуп дайындалы. Бул тууралуу өзү билдирди.

Ал ошондой эле экономика факультетин артыкчылык менен бүтүргөнүн айтып, алган билими туура келгендиктен бул мекемени башкарууга макул болгонун белгиледи. Аны менен катар бул орунга 10 адам чуркаганын жана көбүнүн ою жаман болгонун атайын кызматтардан маалымат алган Садыр Жапаров Тайчабаровду дайындоону чечкен.

«10 адам чуркаптыр бул орунга. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду», — деп жазды ал.

Тайчабаров андан сырткары баардык патриот инсандарды билген инвесторлорду Бишкек ЭЭАга тартууга чакырды.

«Бишкек ЭЭАга эч кандай тоскоолдугу жок баардык мекендешибиз дүйнөнүн ар кайсы бурчунан завод-фабрикаларды салганга инвестор тартаа алаарын айтып, мен ар дайым ушул фейсбук аркылуу баардык сунуштарды талкуулоого даяр экенимди айта алам», — деди ал.

Буга чейин Орусияда жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров 23-сентябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлигине Москвадагы өкүлчүлүгүнө суракка чакырылганын билдирген. Аны менен милиция «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мурдагы лидери, ишкер Айбек Осмонов коркутууга кабылып, өлкөдөн чыгып кеткенин айткандан кийин байланышка чыккан.

Бишкек ЭЭАнын буга чейин Дүйшөн Ирсалиев башкарып келген. Ал 2020-жылдын 28-октябрында премьер-министрдин буйругу менен кызматынан алынган.

Ал эми жаңы дайындалган Кудрет Тайчабаров «Жаңы Агым» гезитинде жана бир катар басылмаларда иштеген. Ошондой эле, эстрада ырчыларына ыр да жазып берет. Анын ырларын Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип өңдүү эстрада ырчылары ырдап жүрөт.