«Элдин эс тутуму таң калаарлык кыска». Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу

Экс-президент Роза Отунбаева «Акипресс» басылмасына курган маегинде, Кыргызстандагы саясий кырдаал, президенттик жана парламенттик башкаруу жана саясий айып менен камалгандар тууралуу айтып берди. «Клооп» анын айткандарын кыскача баяндайт.

Саясий адат

Отунбаева Кыргызстан кайрадан үрөй учурган саясий адат менен таанылды деп билдирди. Ал «New York Times» басылмасы Садыр Жапаров кантип түрмөдөн чыгып президент болгондугун жазып чыкканын эске салды

«Жапаров, Ташиев, Мамытов бийликке карай жолдо сот менен эсебин чагылгандай ылдам чечип алды, аларга карата бардык соттук чечимдер жокко чыкты. Бирок, Атамбаев соттогон ондогон адамдар бар. Алардын бардыгы акталган эмес», — деди экс-президент.

Ал Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова жана башкаларды тизмектеп, аларга тагылган айыптар «саясий жүйөө менен» токулганын билдирди.

«Акыйкаттык аларга да жетиш керек! Жаңы бийлик убада кылган жеке өч алуулардан кол үзүү так ушундай болушу керек», — деди Роза Отунбаева.

Кубарган Жээнбеков

Ошондой эле Отунбаева Жээнбеков менен ал отставкага кеткенге чейин үч жолу жолукканын айтып берген. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырбай турганын ишенимдүү айткан, бирок 15-октябрда Жапаров жана Ташиев менен жолуккандан кийин күтүүсүздөн отставкага кеткен.

«Албетте, күч фактору өз ролун ойноду», — деп айтты экс-президент.

Бирок, Роза Отунбаева 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Жээнбеков менен кайрадан жолугуп, анын ошондогу айткандары көңүл жылытканын билдирди.

«Кубарып, айласы кетип турган. Шайлоонун жыйынтыгына өзүмдү күнөөлүү сезип турам, ошондуктан отставкага кетүүнү чечтим деп айткан», — дейт Отунбаева.

Ошондой эле, экс-президент мамлекет башчысы кандай болушу керектигине токтолгон — тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөгө көз карашы ачык, билимдүү, заманбап, Кыргызстан сымал өлкөлөрдүн өнүгүү динамикасы жана тренди боюнча билим топтому бар лидер болууга тийиш.

Ошондой эле, Отунбаева 2010-жылы коомдун учурдагы келишими кабыл алынып, баш мыйзамга он жылдык вето коюлганга чейин Конституцияны жети жолу өзгөртүшкөнүн белгиледи.

Ал 2010- жылы Конституциялык кеңешме түзүлүп, курамына укук тармагынан 70 эксперт киргенин, бардыгы ЖМК аркылуу элге чагылдырлып турганын эске салып, азыркы Конституцияга түзөтүү киргизген авторлордун аты-жөнү айтылбай, ал жабык эшик артында жазылып жатканын кошумчалады.

Аңгектен качсаң дөңгөккө

«Элдин эс тутуму таң калаарлык кыска. Өткөндүн сабактарын абдан жакшы кайталап окуп чыгышыбыз керек: президенттик, авторитардык-үй-бүлөлүк бийлик биринчи да, экинчи президентти да кулатууда ачуулантты. Экинчиси жөн гана Кокон хандыгын куруп жатты, ага далил жык-жыйма. Атамбаев ошолорго каршы көтөрүлгөнү менен өзү да авторитардык башкаруудан артта калбады.

Парламенттик башкарууну толук эмес он жылда дагы деле даамын татпадык, сезген жокпуз аны өздөштүрүп, түшүнүүгө да үлгүрбөдүк. Эми болсо кайралган электорат толук токтотууну талап кылып, бардыгын бир күчтүү колдун алдына түртүп жатат. Жаш, алсыз, кедей өлкөлөрдүн тагдыры ушундай экен да, аңгектен качсаң дөңгөккө. Убакыт бардыгын орду-ордуна коёт деп ишенем», — деди Отунбаева.