«Бакиевдин бийлигин калыбына келтирип жатабыз». Баш мыйзамдын долбоору тууралуу

Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Садык Шер-Нияз

Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун сунуштап, ал коомдук талкуу үчүн 17-ноябрда парламенттин сайтына жайгаштырылды. Дароо эле үч депутат — Иса Өмүркулов, Эмил Токтошев жана Айгерим Бешимбаева баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койбогонун айтып, аны демилгелебегенин айтып чыкты.

Бир катар юристтер жана саясатчылар сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоору өлкөдө прездинттик башкарууну күчөтүп, тоталитардык, диктатураны орнотот деген кооптонууларын билдиришти.

«Клооп» президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым талапкерлердин баш мыйзамдын жаңы долбоору жөнүндө алардын пикирлерин чогултту.

Президенттик шайлоого талапкер болгон «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунун коркунуч жарата турган эң негизги учурларын тизмектеп берди. Сооронкулова учурунда Конституциялык палатынын судьясы болуп иштеген.

Анын айтымында, азыркы Конституциянын процедуралары одоно бузулуп жатат. Атап айтканда Баш мыйзамдын 1чи, 2чи жан 9-бөлүмү өзгөртүлбөшү керек болчу. Өзгөчө адам укуктары жазылган экинчи бөлүм.

«Бул бөлүмдү бир катар эксперттер анын ичинде Венеция комиссиясы дагы эң мыкты деп сыпаттаган. Эл аралык стандарттарда каралган адам укуктары бул бөлүмдө камтылган болчу. Тилекке каршы конституция толугу менен өзгөртүлүп жатат», — деди ал.

Президенттин чексиз бийлиги тууралуу

Сооронкулова эң башкы өзгөрүү — бул башкаруу формасы экенине токтолду. Эгер бул долбоор кабыл алынып калса «супер президенттик башкаруу орной турганын» билдирди. Андан сырткары президенттин бийлигин тең салмактай турган орган жок экенин айтып, президенттин бийлиги чексиз болорун белгиледи.

«Бизди президенттин бийлигинен тышкары жоопкерчилиги да болот деп ишендирип жатышат. Чынын айтканда президенттин бир дагы жоопкерчилиги жок. Болгону ага импичмент жарыялоо процедурасы каралган. Бирок бул процесс дагы ого бетер татаалдаштырылган», — деди ал.

Сооронкулов сунушталып жаткан долбоордо сот бийлиги бир кишиден көз каранды болуп, анын кол баласына айланат деп тынчызданды. Себеби, президент бардык сотторду дайындагандан сырткары соттордун төрагаларын дайындайт. Ага кошумча сотторду ротациялоо дагы президенттин колунда.

«Башкача айтканда Бишкекте иштеп жаткан бир сот жакпай калса аны Баткенге жиберип коюшат. Сотторго басым кылуу үчүн президентте күчтүү укуктар пайда болду. Бул сот системасына болгон өтө чоң коркунуч», — деди ал.

Логикага сыйбаган көрүнүш

Сооронкулова жаңы долбоордогу акылга сыйбай турган көрүнүш бул президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы ээ боло турчу ыйгарым укуктар экенине токтолду. 10-январда боло турчу президенттик шайлоо учурда иштеп жаткан Конституция менен өтөт. Бирок шайлоодон кийин президент супер ыйгарым укуктарга ээ болот. Анткени шайлоо менен чогуу референдум дагы өткөнү турат. Азыркы Конституция боюнча 2010-жылы президенттин 20дай ыйгарым укуктары кыскартылган.

«Боло турчу шайлоодо биз премьер-министрге, же парламентке караганда алсыз болгон президентти шайлайбыз. Бирок жаңы Конституция боюнча аябай күчтүү президентти тандап калып жатабыз. Эгер логикага таяна турган болсок өзгөртүлгөн жаңы Конституциядагы укуктары каралган президентти ал кабыл алынгандан кийин ошонун шарттары менен шайлашыбыз керек», — деди ал.

«Элдик курултай» элди курутпайбы?

Президентттик шайлоого катыша тургандардын бири, экс-депутат Садык Шер-Нияз бул Баш мыйзам Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып турганын айтты. Ошондой эле, анда бири-бирине дал келбеген, керек болсо жолтоо боло тургун структуралар жазылганын белгиледи.

«Мисалы “Элдик курултай” жөнүндө жазылып жүрөт. Жогорку Кеңешти Конституцияда жазылгандай эл шайлап жатса, эмне үчүн анын үстүнөн кайра карай турган бир орган болушу керек? “Элдик курултай” кандай принцип менен жыйналат? Жогорку Кеңеш ага отчет бере турган болсо, эгер отчет өтпөй калса эмне болот?», — деп ал суроо салды.

Дагы бир талапкер, депутат Каныбек Иманалиев дагы дал ушул «Элдик курултай» институту өтө бүдөмүк экенине кошулат. Ал өлкөдөгү бийликтин үч бутагына — мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сотко Курултайдын бийлиги үстөмдүк кыларын, ал эми Курултайдын үстүнөн президенттин бийлиги орной турганын айтат. Ал ошондой эле, азыр Кыргызстандагы биринчи көйгөй Конституцияны алмаштыруу эмес, пандемия, экономикалык кризис, чек ара маселеси, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

«Ошону чечкендин ордуна булар өздөрүнүн бийлигин бекемдеп, узартып экинчи мөөнөткө барайын деп жатышат… Азыркы Жогорку Кеңеш президент менен өкмөткө көз каранды болчу, эми таптакыр эле көз каранды болот», — деди Иманалиев.

Шер-Нияз болсо мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн көзөмөл кылуу тоталитаризмдин, диктатарунан дагы бир механизми болорун белгиледи. Башкача айтканда «президенттик диктатура, бир кишинин бардык бийлик үстүндөгү үстөмдүгү» болорун кошумчалады.

«Чимкирик» депутаттардын чарасы тууралуу

Шер-Нияз эгерде бул сунушталган долбоор кабыл алына турган болсо «эркиндикти алып келем, Кыргызстан алдыга жылсын, демократия болсун деген нечендеген эмгектердин бардыгын жокко чыгарын» кошумчалады. Ошондой эле, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол коюп берген депутаттар «чимкирик экенин далилдеди. Башка эмне деп айтса болот?» деген пикирин билдирди.

Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаттарына, фракция башчыларына жана төрагага кайрылып, бул долбоорду кабыл албоого, парламенттин жалпы жыйынына алып чыкпоону өтүндү.

«Эгер бул долбоорду жоо куугундай шашалыш кабыл алсак элге уят болобуз. Бул долбоордо алешем, чийки нерселер көп. Мындай чоң бурулуш жасоо үчүн Конституциялык кеңешмени чакырып, ошолор менен ийри отуруп түз кеңешип, бери дегенде алты айдын ичинде кабыл алышыбыз керек. Бул шашылыш нерсе бизди жакшылыкка алып келбейт», — деди Шер-Нияз.

Ал ошондой эле, Конституциянан жаңы долбоорун демилгелеп чыкканга азыркы депутаттардын моралдык, саясий укугу жок экенин кошумчалады. Себеби, парламенттин мөөнөтү бүткөнүнө карабай, мыйзам талаасында боштук болбосун деген ой менен гана 6-чакырылыштагы депутаттарды кармап отурганын белгиледи.

«Сөз эркиндиги коркунучта»

Иманалиев болсо баш мыйзамды өзгөртүүгө жасалып жаткан азыркы аракет Кыргызстандын укуктук талаасын басып алууга болгон аракет экенин белгиледи. Ошондой эле анын кедергиси кандай болору эске алынбай жатканына токтолду.

Ошол эле учурда төртүнчү бийлик саналган басма сөз эркиндиги чектелерин белгиледи.

«Кыргызстандын бүгүнкү күнү үч жетишкендиги болсо — алар басма сөз эркиндиги, өкмөттүк эмес уюмдардын таасири жана жамандыр-жакшыдыр бүр алып келе жаткан парламентаризм, булардын бардыгын тең кыркылат», — деп ал кооптонду.

Клара Сооронкулова дагы сунушталган долбоордо ЖМКга басып күчөй турганын айтат. Эгер 2010-жылы конституцияны жазып жатканда адамдын беделине шек келтирген сөздөр үчүн куугунтук болбосун, ал үчүн эркиндигинен ажырабасын деген беренеде жазылып шек келтирүү деген нерселер боюнча кылмыштар жоюлганын белгиледи.

«Эми болсо аны кайрадан Жазык кодексине киргизип коюшуптур. Эми каяша сүйлөгөндөрдүн бардыгынын оозун жабат, соттойт, жоопкерчиликке тартат. Бул сөз эркиндигине чоң коркунуч туудурат», — деди ал.

«2007-жылкы конституциянын көчүрмөсү»

Сооронкулова ошондой эле, 2007-жылы жазылган Конституция менен сунушталып жаткан долбоорду салыштырып көргөнүн жана ал жакта президенттин ыйгарым укуктарына байланышкан жерлердин бардыгы опокшош экенин белгиледи. Ал андан сырткары 2007-жылы кабыл алынган баш мыйзам 2010-жылдагы окуялардын чыгышына алып келгенин белгилеп, апрель окуяларында каза болгонордун үмүтүн азыр тебеленип жатканын айтты.

«Башкача айтканда биз Бакиевдирдин тушундагы бийликти калыбына келтирип жатабыз. Бирок бул жерде жүздөр гана башка», — деди ал.

Экс-президент Роза Отунбаева буга чейин «Бакиевдин юристи» делген Бектур Зулпиев Конституциянын жаңы долбоорун жазып жатканын айткан. Ал эми Зулпиев «Азаттыкка» Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жазганын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА

«Ханституция». Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?

«Ачык айтканда — автору Жапаров». Депутат Исаев Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкты