Акылбек Жапаров: Конституциянын жаңы долбоорун президенттик аппарат иштеп чыкты

Жакында эле Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп кеткен парламенттин депутаты жана Конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров президенттин ыйгарымдары кыйла көбөйтүлгөн Конституциянын долбоору ким тарабынан иштелип чыкканын айтып берди.

«Аны президенттин администрациясы, юстиция министрлиги жана өкмөт иштеп чыкты. Бирок мурда Садыр Нуркожоевич бул Конституцияда көрсөтүлгөн өз сунуштарын айткан. Кеп өкмөттүн башында президент туруп, сот бийлиги көзкарандысыз болуп, депутаттардын саны 90, анын ичинен 35и бир мандаттуу система, калган 55и партиялык система менен шайланаары тууралуу [болгон]», — деди Жапаров.

Мурдараак президенттин ыйгарымдары максималдуу көбөйтүлгөн долбоорго Садыр Жапаров аралашканын депутат Канат Исаев да айтып чыккан — ал түзөтүүлөргө каршы чыккан. Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккандардын арасында юристтер, укук адистери, «Конституциянын атасы» деп аталган депутат Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев жана башкалар бар. Экс-президент Роза Отунбаева да долбоорго каршы чыккан.

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз кызматы жакын арада долбоордун автору ким экенин айтып берээрин билдирген, бул тууралуу Садыр Жапаров да айткан. Ал өзү демилгелеп жаткан Конституциянын вариантына каршы чыгып жаткан анабашчынын жүзүн ачууну убада кылган.

Долбоордун авторлору катары көрсөтүлгөн 80 депутаттын ичинен көбү бул документти көрүшпөгөнүн же аны окушпаганын айтып колдорун чакыртып ала башташкан. Документтин өзүндө автор катары көрсөтүлгөн Бектур Зулпиев да долбоорду жазууга аралашпаганын билдирген.

Долбоорду колдоп жаткан да тарап бар — алар, «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынан депутаттыкка талапкер болуп шайлоого барган депутаттар.

Конституциянын жаңы долбоору

Парламенттин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ал боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо дайындалган күнү өткөрүү сунушталууда.

Конституцияга түзөтүү киргизүүнү президентикке талапкер Садыр Жапаров демилгелеген. Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.

Конституциянын жаңы долбоорунда так эмес аныктамалар бар — мисалы «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Мындан тышкары, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.

Мисалы, жаңы Конституциянын 23-беренесинде төмөнкүдөй айтылат:

Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?