Башкы прокуратура Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусун үгүт деп эсептейт

Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун Москвадагы мигранттар менен жолугушуусу боюнча материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына жиберди.

Көзөмөл орган Мадумаров иш-чарада «үгүт иштерин жүргүзгөн» деп эсептейт.

Ал эми Мадумаров Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын «Азаттыкка» билдирди.

«Мени “Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн” деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегени үчүн деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз», — деп кайрылды Мадумаров Жапаровго.

Мындан сырткары Мадумаров Садыр Жапаров «мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин» эскертти.

Мадумаров мигранттар менен жолугушууну 7-ноябрда өткөрүп, бир катар билдирүүлөрдү жасаган. Айрыкча Мадумаров 2021-жылдын 10-январына дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо таза өтөөрүнөн шек санап жатканын айткан.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чечимдерин тааныбай турганын билдирип, 5-ноябрда митингге чыккандардын максаты «Ак үйдү басып алуу эмес таза шайлоо» болгонун эскерткен.

Анткен менен октябрдын аягында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарган маалда Кыргызстандын аймактарына иш сапары менен барган. Ал алгач Нарын, кийинчерээк Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырган. Ошондо элге көйгөйлөрүн чечип берүүнү убадалаган.

«Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз», — деди Мадумаров Жапаровго.

Мадумаров президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга биринчи болуп арыз берген — жалпысынан президенттик шайлоого катышууга 47 талапкер ат салышат.

Учурда Башкы прокуратураны Курманкул Зулушев жетектеп келет. Ал 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясынан катышкан. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына Ташиев жана Жапаров негиздеген «Ата-Журт», алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген.