Прокуратура: Өгөй атасы тарабынан сабалган балага коргоо ордери берилген эмес

Жабырлануучу бала

Башкы прокуратура Чүй облусунун Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан ур-токмокко алынган 6 жашар баланын ишин көзөмөлгө алды.

Окуя боюнча топтолгон материал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш иши Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан башталган.

Көзөмөл орган милиция тарабынан жабырлануучуга (мыйзамдуу өкүлү) «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» беренесине ылайык убактылуу коргоо ордери тапшырылбаганын аныктады.

Мындан улам ИИМге мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө прокурордук сунуш келтирилген.

Буга чейин Сокулук районунун «Поле чудес» конушунда 18-ноябрга караган түнү өгөй ата 6 жашар баласын сабап, денесин көгала кылган. Ошол эле күнү жаш баланын апасы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине күйөөсүнө чара көрүү үчүн арыз жазган. Бирок 23-ноябрь күнү арыз ээси күйөөсүн кечиргенин маалымдап, тосмо арыз жазып берген.

Бирок «Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова келиндин жазып берген тосмо арызынын эч кандай күчү жок экенин билдирди. Ал баланын кызыкчылыгын эми Сокулук районундагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү коргой туганын айтты.

Андан сырткары ал Сокулук районунун акимиаты, Социалдык өнүгүү башкармалыгы жана балдарга жардам берүүчү райондук борбор менен биргеликте Координациялык топ түзүлгөнүн маалымдады.

Баланын саламаттыгына келтирилген зыянды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.