Өмүрбек Текебаев: Сунушталган система Акаев, Бакиевдикинен да өтөт

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» эфиринде өлкөдөгү кырдаал тууралуу оюн билдирди. Текебаев учурдагы конституциялык реформаны сынга алып, Кыргызстанда президенттик башкаруу орнотулса өлкө артка кайта турганын билдирди. Мындан сырткары депутат Садыр Жапаровдун анын дарегине айткан айыптар боюнча жооп кайтарды.

«Ата Мекенден» президенттик шайлоого катышкан талапкерлер

Текебаев экс-депутат Садык Шер-Нияз президенттик шайлоодон талапкерлигин алып салгандыгын анын өзүнүн чечими болгонун билдирди. Шер-Нияз президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген.

«Биринчиден биз президенттик шайлоодо конкреттүү Садыр Жапаровго каршы иштегенибиз жок. Биз биринчи кезекте өзүбүздүн идеябыз, системабыз үчүн иштеп жатабыз. Ошондуктан Садык Шер-Нияз өзүнүн демилгеси менен президенттик шайлоого катышкан. Катышканынын максаты: парламенттик башкаруу системасын колдоо, эски, авторитардык, президенттик башкаруу системасына кайтып келишине каршы турарын билдирип, шайлоого катышкан. Бул күрөшүүнүн бир формасы, бир жолу катары айткан», — деди Текебаев.

Анткен менен Текебаев президенттикке талапкерлердин арасында «Ата Мекендин» мурдагы алты мүчөсү бар экенин билдирди. Ошондой эле талапкерлердин арасында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев да бар.

Садыр Жапаров менен жолугушуу тууралуу

«Ата Мекендин» лидери октябрда болгон саясий кризис учурунда Садыр Жапаров менен беш жолу жолугушканын билдирди. Жолугушууларда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да катышкан. Текебаевдин айтымында, Жапаров жана Ташиев алардын демилгелерин колдоп берүүнү суранышкан.

«Мен “колдоп беремин” деп убада бергенмин, колдоп да келе жатамын. Бирок ар бир жолугушуунун башында жана аягында айткам: “эгерде силер эски бийлик системасын алып келебиз дебесеңер, авторитардык жеке бийлик системасын орнотобуз дебесеңер” анда мен колдойм. “Эгерде Конституциянын ошондой долбоорун алып чыксаңар — мен биринчилерден болуп каршы чыгамын” деп айткам», — деди Текебаев.

Ошондой эле Текебаев «Садыр Жапаров колдоп жаткан Конституцияга каршы» болгонун кайталап, Баш мыйзамдын жаңы долбоору «эски системаны калыбына келтире турганын» айтты.

«Бул сунушталган система Акаев, Бакиевдикинен да өтөт. Чексиз, көзөмөлсүз, өзүм-билем бийлик системасын орнотот. Ал система эмне менен бүтөөрү төрт президенттин тагдыры көрсөттү», — деди Текебаев.

Парламентаризм жана президенттик башкаруу тууралуу

Саясатчы парламенттик жана президенттик башкаруу системаларынын айырмасын да айтып өттү — парламенттик башкарууда өлкө үчүн дайындалган премьер-министр жоопкерчиликти алат. Премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында жооп берип, алар тарабынан кызматынан бошотулат.

Ал эми президенттик башкарууда өлкө башчы «эч кимдин алдында жооп бербейт».

«Айырмасы ушул, болбосо экөө тең эле бир адам. Экөөнүн колуна тең эбегейсиз бийлик берилет — премьер-министрди парламент көзөмөл кылат. Премьер-министрдин алдындагы күч органдары: милициясы, УКМКсы, финансы полициясына парламенттик көзөмөл бар. Эгер парламенттик көзөмөл болбосо — алар адам укугун тебелеп, өзүм-билемдик режимди Кыргызстанда орнотот. Мен Садыр Жапаров жана анын жанындагыларга айтамын: “эбегейсиз бийликти силер эптей албайсыңар! Силер эмес, силерден мурункулар да эптей алган эмес, силерден кийинкилер да эптей албайт”. Бул жол бизди 30 жылга артка алып кетет», — деди Текебаев.

Ошондой эле Текебаев Кыргызстанда чыныгы парламентаризм орнотуу үчүн «кеминде үч парламенттик цикл» өтүшү керектигин белгиледи.

«Мен 2010-жылы айткам: “Накта парламенттик шайлоо болуш үчүн кеминде 3 парламенттик цикл өтүш керек. Бул 15 жыл [убакытты талап кылат]”. [...] 2025-жылдан кийин бизде “саясатчылардын жаңы мууну жаңы саясий маданият алып келет” деп биз жол картасын түзгөнбүз», — деп түшүндүрдү Текебаев.

1 миллион доллар жөнүндө

Садыр Жапаров «7-каналга» берген маегинде Текебаев орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген маалыматты тараткан. Ал эми Текебаев аны «ушак жана жалган» деп атады.

«Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр, анын сөзүн эл угат. Анын достору мамлекет, парламент, УКМК, милициянын башчылары болуп олтурат. Өзү айткандай эле, “бүгүнкү соттор бийликтин көзүн эле карап турат”. Анын пикири сотко түздөн-түз буйрук катары кабыл алынат. Мына ошону билип туруп, жалган жалаа менен, “мен далилдеймин” деп айтканын эл алдында сотко көрсөтмө берген деп эсептеймин», — деди Текебаев.

2017-жылдын февралында Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган. Саясатчылар 2010-жылы «Мегаком» уюлдук операторун башкарууга мүмкүнчүлү түзү берүү үчүн орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп айыпталышкан.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылы коррупция жана опуза боюнча күнөлүү деп табылган. Көптөгөн саясатчылар жана коомдук активисттер Текебаев жана Чотоновго карата «саясий куугунтук» болгонун айтышкан — Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тиреште болгон.

Ал эми бийликке экс-президент Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин Жогорку сот Текебаев жана Чотоновдун өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн.

«Эл шайласа Жапаровду таанышыбыз керек»

Маектин аягында Текебаев эгерде эл Садыр Жапаровду президент кылып шайласа, аны таануу керектигин айтты.

«Жаманбы-жакшыбы, эгерде эл шайласа Жапаровду таанышыбыз керек — ал реалдуу күч, реалдуу кыргыз бийлиги болот. Эгерде эл шайласа. [...] Жапаров мырза эгерде шайланып калса биринчиден өзүнүн улуу, бийик миссиясына татыктуу болууга аракет кылышын сурайт элем. Экинчиден, бир компромистүү жолду табышыбыз керек — эски бийликти реставрация кылган бул жакшылыкка алып келбейт», — деди Текебаев.