«Президенттик же парламенттик башкаруу». Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 2021-жылдын 10-январында өлкөдө референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев твиттер баракчасында билдирди.

Референдумда кыргызстандыктарга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушталат. Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жиберилди.

Аталган мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров демилгеледи. Ал ошондой эле бул долбоор боюнча парламентте баяндайт.

*Акылбек Жапаров буга чейин милдеттерин убактылуу токтоткон премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп, бир нече күндөн кийин бул кызматтан бошотулган. Ал эми 10-январда референдум өткөрүү керектигин Садыр Жапаров дагы айтып келген.

Комитеттин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева «Кактус» басылмасына процедуралык бузуулар болгонун кабарлады. Алтыбаеванын айтымында, мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн комитеттин отуруму болгон эмес.

«Бул маселе боюнча комитеттин отуруму болгон жок. Кечээ муну сурамжылоо түрүндө өткөрүү сунушталган, бирок бул туура эмес. Комитеттин мүчөлөрү аны талкуулап, ойлорун билдириши керек. Кийинчерээк Конституциялык палатага даттануулар болбошу үчүн документ толугу менен процедуралардан өтүшү керек. Ооба, кээ бир учурларда биз сурамжылоо ыкмасын колдонобуз, бирок бул мыйзам долбоору биздин өлкөбүздүн келечегине байланыштуу — талкуулаш керек», — деди Алтыбаева.

Өлкөдө башкаруу формасыны аныктоо демилгесин буга чейин экс-депутат Курманкул Зулушев көтөргөн — учурда ал башкы прокурор кызматын аркалап келет. Зулушев референдумду парламенттик шайлоо менен биргеликте 4-октябрда өткөрүүнү сунуштаган, бирок бул демилге колдоо тапкан эмес.

Ал эми Зулушев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Аталган партияны Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев жетектеген.