АКШ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр

Сүрөт: КР ТИМи

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 3-декабрдагы видеоконференцияда эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. Элчи уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө Американын укук коргоо органдары Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«АКШнын укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топттордун ири ишмерлерин иликтөөдө жана жоопко тартууда, ошондой эле алардын эл аралык кылмыш түзүмдөрүн үзгүлтүккө учуратууда, кыйратууда көмөктөшүүгө даяр», — деди Дональд Лу.

Андан тышкары, АКШ Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Венеция комиссиясынын анализине жөнөтүү чечимин кубаттай турганын белгиледи.

Казакбаев өз кезегинде өлкөдөгү окуялар жөнүндө АКШ элчилиги тараткан билдирүүлөрдүн маанилүү экендигин айтты.

«Саясий системанын инклюзивдүүлүгүнүн андан ары өнүгүшүнө, демократиялык институттардын жана укук үстөмдүгүнүн бекемделишине багытталган радикалдуу реформаларды өлкөдө өткөрүү боюнча биргелешип иштөө тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетиштик», — деп билдиришти ТИМден.

АКШ элчилиги Конституциялык реформа жөнүндө

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 27-ноябрда өлкөдөгү Конституциялык реформа тууралуу билдирүү тараткан. Элчилик президентикке талапкерлердин конституциялык реформа жүргүзүүнү артка жылдыруу сунушун кубаттай тургандыгын белгилеген.

«Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн бардыгын кыргыз эли кеңири коомдук талкуудан кийин чечиши керек. Конституциялык Кеңешме жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана оппозиция өкүлдөрүн камтыган кеңири үндөрдү камтышы керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми 1-декабрь күнү АКШнын элчилиги твиттер аккаунтунда экс-бажы кызматкери Райымбек Матраимовдун ишине комментарий берген.

«АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат кабарда.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.