«Реформа» БШК менен соттошот — комиссия 5 млн сом шайлоо күрөөсүн кайтарбай жатат

«Реформа» саясий партиясы БШКга арызданып билдирүү жасады. Партия комиссияны сотко берет.

«Реформа» эмне дейт?

Себеп — комиссия 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жараксыз жана шайлоо процесси аяктаган жок деп табылгандан кийин партияга күрөөгө коюлган 5 млн сомду кайтарып бергиси келбей жатат. Ушул себептүү партия акча чогултууга жардам берген кыргызстандыктарга акчаны кайра кайтарып бере албай жатат.

«Биз жеке пайдабызды көздөп бул каражаттарды алуу үчүн күрөшүп жаткан жокпуз. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул 5 миллион сом аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарып берүүгө жатат. Бизге бул күрөөнү чогултууга жардам кылгандардын ар бири бир сомуна чейин өз каражаттарын кайтарып алышат», — деп айтышат партиядагылар.

«Реформа» жарандар экономикалык кризис жана пандемия жүрүп жаткан өтө татаал учурда колдоо көрсөтүп чогултуп берген каражаттар «мамлекет уурдап албоого тийиш» деп эсептешет. Партия каражаттарды сот жана башка мыйзам ыкмалары менен кайтарууга белсенет.

БШК эмне дейт?

БШКнын өзүндө акчаларды кайтарып бере алышпасын белгилешүүдө: шайлоочулардын 1%дан ашпаган добушун алган президенттикке талапкерлер менен саясий партияларга күрөөнү кайтарып берүүнү кепилдеген конституциялык мыйзамга кабыл алынган өзгөртүүлөр 4-октябрдагы шайлоого карата иштебейт.

Алар парламенттик кайра шайлоонун жыйынтыктарына карата гана колдонулушу мүмкүн, себеп дегенде конституциялык мыйзамдын артка иштөө күчү жок. Бул маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 28-ноябрда партияга жазган катында чагылдырган.

Анткен менен БШКдан ишендиришкендей, ал бул маселени чечүүгө аракет кылышат жана ал парламентке шайлоо жөнүндө буга чейин кол коюлуп калган конституциялык мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушун берди. Эгер алар кабыл алынса, анда 4-октябрда шайлоого катышкан партиялардын бардыгы күрөөгө койгон 5 млн сомду артка кайтарып ала алышат.