«Акылдуу» аялдамалар. Шаардык инфраструктура кандай өзгөрөт?

Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жана троллейбус башкармалыгын чиновниктери муниципалитеттин шаар жолдоруна байланышкан пландары тууралуу айтып беришти. «Клооп» алардын негизгилерин баяндап берет.

Жаңы түзүлгөн Транспорт жана транспорттук инфраструктура департаменти

Учурда Бишкектеги транспорт үчүн үч уюм жооптуу. Бирок борбордук муниципалитет бирдиктүү орган, Транспорт жана транспорттук инфраструктура департаментин түзө турганын кабарлады.

Бишкек мэриясынын троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаковдун айтымында, Транспорт жана транспорттук инфраструктура департаменти Шаардык транспорт башкармалыгынын алдында түзүлөт.

Такси кызматынын ишин көзөмөлдөө

Мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов департамент такси кызматынын ишин көзөмөлдөйт деп белгиледи. Бул шаардыктардын коопсуздугун камсыздоого жол ачып, шаар бюджетине кошумча каражат алып келет.

«Азыр шаардагы жеңил транспорт дээрлик жөнгө салынбайт. Бизде болгон маалыматтарга таянсак, борбор калаада 27ге жакын такси кызматы — юридикалык жак — иш алып барат. Салык кызматынын каттосунда 10 пайызга жакыны патент алат. Андан сырткары жеке таксилер бар. Бул тармакты дагы жөнгө салып, патенттер толук көзөмөлдөнүшүн камсыз кылууну каалап жатабыз. Бул бюджетке чоң жардам болот», — деди ал.

Анын айтымында, алгач Бишкек шаардык кеңеши менен укутук ченемдик документтерди, эрежелерди иштеп чыгып макулдашуу керек.

«Андан соң ташуучулардын реестрин түзөбүз — юридикалык жактардын, андан соң Кайгуул кызматы, Салык кызматы менен рейд иш-чараларын өткөрүүнү баштайбыз», — деди Атыканов.

Бишкектеги «акылдуу» аялдамалар

Жаңы департамент аялдамалардын жаңысын салып, эскисин оңдоп-түздөө менен дагы алектенет.

«Көптөгөн шаар тургундары жана жалданмчы компаниялар аялдамалардын жоктугуна арызданып келишет. Бул маселени ар кайсыл кызмат карап жатат, жыйынтыгында аялдаманын курулушу артка жылышы ыктымал. Андыктан аялдамалар маселесин дагы бир колго, департаменттин карамагына өткөрүүнү пландап жатабыз», — деди Атыканов.

Анын айтымында, муниципалитет келечекте «акылдуу» аялдамаларды орноткусу келет. Аялдамалар тунук айнектен жасалып, ичи жылуу болот, ал эми атайын экранда коомдук транспорттун маршруту жана жүрүү аралыгы көрсөтүлүп турат. Ошондой эле ага вай-фай коюлат.

«Азырынча алар качан пайда болоорун айтуу кыйын. Департамент түзүлгөндөн кийин тийиштүү документтерди даярдап, макулдашуу керек, андан соң бул багыттарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот», — деди ал.

Коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол тилкеси

Өмүрзаков калаада сыноо тартибинде Түштүк магистралы менен Чүй проспектисинде троллейбустар үчүн өзүнчө тилке чийип берүү пландалып жатканын дагы кабарлады. Бул алардын тез жүрүүсүн камсыздамакчы.

«Азырынчы жолдун туурасы мүмкүндүк бере алган ушул эки көчө бар. Түштүк магистралында Сухэ-Батор көчөсүнөн Байтик-баатыр жана Чүй проспектисинде Ибраимов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин. Бул маселелерди кошумча архитекторлор менен иштеп чыгуу керек», — деп белгиледи ал.

Ал бул иштер этап-этап менен аткарыларын, ал эми долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү борбор калаанын бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды болорун белгиледи.

Жол кире акысын көбөйтүү

Нурлан Атыканов муниципалитет нак акча менен жол кире төлөгөн жүргүнчүлөр үчун шаардык транспортто жүрүү акысын көбөйтүү пландалып жатканын кабарлады. Ал эми жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы менен төлөгөндөр мурдагыдай эле 8 сом төлөшөт.

*2020-жылдын март айынан тарта Бишкек шаардык транспортунда (автобустар менен троллейбустарда) жол кире акысын «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөсө болот. «Тулпар» — бул накталай эмес акча менен төлөөнүн бирдиктүү системасы. Бирок, пандемия, ӨК жана ӨА режимдеринен улам жүргүнчүлөрдүн көбү карта сатып ала элек, алар жол кире акысын накталай акча менен төлөшүүдө. Карталардын баалары төмөнкүдөй:

  • Стандарттык көк карталарды айдоочулардын өзүнөн, мобилдик операторлордун кеңселеринен же «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрүнөн 50 сомго сатып алса болот;
  • Жеңилдетилген категория үчүн кызыл карточкалар райондук акимиаттардын имараттарында жана шаардык троллейбустук башкармалагында бекер берилет.

Атыкановдун айтымында, бул шаардыктар электрондук билеттөөгө өтүшүн камсыздоо үчүн керек.«Электрондук билет системасы ишке киргени менен аны 100 пайыз иштете албай жатабыз. Акырындык менен жол кирени нак төлөөнү жоюп, жүргүнчүлөр «Тулпар» картасы менен төлөөгө кызыкдар болгудай шарт түзөлү деген пландар бар. Ал үчүн нак жана карта менен төлөөнүн ортосунда айырма болушу керек. Тагыраагы, эгер жаран жол кирени накталай төлөй турган болсо, анда баасы жогорураак болот. Ортодогу айырма канча болорун айта албайбыз, себеби бул маселени жөнгө салуу керек», — деди ал.

Бишкектин троллейбус башкармалыгынын башчысы Артур Өмүрзаков карта колдонуу жүргүнчү ташууларды ачык-айкын кылып, ишкананын киреше бөлүгүн жогорулатууну камсыздайт. Бул транспортторду оңдоп, кызматкерлердин маяналарын көтөрүүгө өбөлгө болот.Анын айтымында, болжолу менен жол кире акысын төлөөдөгү жаңы өзгөрүүлөр 2021-жылдын 1-январынан тарта этабы менен киргизиле баштайт.