ССМдин кызмат адамдары 1 млн долларга пайдасыз келишим түзгөн — Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) бир катар кызмат адамдары мамлекет үчүн пайдасыз экенин билип туруп 1 млн доллардан ашуун суммага келишим түзүшкөнүн билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2014-2019-жылдар аралыгына аудит өткөрүү, бирок мониторинг жүргүзбөө боюнча «D.&T.» компаниясы менен келишимдер түзүлгөн. Ал эми кызмат көрсөтүүлөр үчүн пландалган сумма жогорулатылып көрсөтүлгөн.

«2019-жылга карата тендер өткөрбөстөн компаниянын эсебине 63 млн. 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Факт КЖБРге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренеси менен катталды. Иштин материалдары сотко чейинки өндүрүш иштери үчүн тергөө органдарына жөнөтүлдү.