Кыргызстанда коронавирустун 83 жаңы учуру катталып, 165 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 4-январда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 83 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында үч медициналык кызматкер бар.

COVID-19 инфекциясынын 33 учуру Бишкек шаарында катталды — анын ичинде бир медкызматкер бар. Ошондой эле илдет Чүй жана Ысык-Көл облустарында 17ден (бир медкызматкер), Нарын жана Ош облустарында бештен (бир медкызматкер), Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош шаарында бирден кишиден аныкталды.

Ал эми коронавирустан акыркы суткада 165 бейтап сакайды — алардын арасында төрт медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда — 22, Ысык-Көл облусунда — 16, Ош шаарында — 13, Талас облусунда беш, Баткен жана Нарын облустарында төрттөн, Ош облусунда эки бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуктурган бир бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 81 388ге жетти. Анын ичинен 76 728 бейтап айыгып, 1 360 киши көз жумду. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Коронавирустун аймактар боюнча жалпы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 26 974;

Чүй облусу — 11 607;

Жалал-Абад облусунда — 9 806;

Ош облусунда — 8 259;

Ысык-Көл облусунда — 7 257;

Баткен облусунда — 7 144;

Ош шаарында — 5 518;

Талас облусунда — 2 552;

Нарын облусунда — 2 271.

Бүгүнкү күндө илдеттен 955 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 53 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 424 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.