Ош: «Биримдиктен» талапкер болгон Шакир уулу жашылдандыруу ишканасынын орун басары болду

«Биримдик» партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер болгон Нурсултан Шакир уулу 4-январда «Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Аталган ишкананын жетекчиси Данияр Токторбаев «Клоопко» Шакир уулу чарбада иштөө үчүн өзү каалоосун билдиргендиктен эки айлык сыноо мөөнөтү менен жумушка алынганын айтты.

«Мурдагы орун басар пенсияга чыгып, өз каалоосу менен кетти. Биз жаштарды колдойлу деп кадр издеп жатканбыз. Өзү келди "иштейм, колумдан келет" деп. [...] Бизге башчы боло турган бала керек эле, ошого карап алдык. Иштеп көрсүнчү», — деди Токторбаев.

Шакир уулу кесиби боюнча юрист. Ал буга чейин «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген.

Ал өзү «Клоопко» «Биримдиктен» шаардык кеңешке талапкер болгонун тастыктады. Бирок пандемияга байланыштуу шаардык кеңешке шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Буга чейин бийлик алмашкандан бери Ош шаардык мэриясына «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңешке жана шаардык кеңешке талапкер болгон эки киши кызматка келген.

Алар спорт комитетине убактылуу жетекчи болгон Бекдөөлөт Абакиров жана «Жылуулук камсыздоо» ишканасына жетекчи болгон Бекмурза Эргешов.

Абакиров шаардык кеңешке талапкер болсо, Эргешов жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Биримдиктен» 98-катарда барган.

5-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил аталган «Биримдик», «Кыргызстан» жана таасирлүү клан Матраимовдордуку делген «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга чыккан.

Мындан улам шайлоонун эртеси Бишкектеги борбордук аянтка миңдеген киши чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Алар шайлоодо админресурс колдонулуп, добуштарды сатып алуулар орун алып жана форма №2 менен тургундарды жапырт каттоо болгонуна нараазы болушкан.

Нааразычылык митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу орун алып, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.