Жеңиш Молдокматов «Замандаш» партиясын Өмүракуновдун уулуна өткөрүп берди

«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов кызматын тапшырды. Анын себебин анын саясий көз караштары партияга терс таасирин тийгизбеши керек деп түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасында 7-январда билдирди.

Урматтуу замандаштар, достор, мекендештер! 2018-жылдан тарта "Замандаш" партиясын жетектеп келдим. Бул жылдар...

Опубликовано Jenish Moldokmatov Среда, 6 января 2021 г.

«Негизи ар адамдын жашоодо жеке көз-карашы, саясатчынын саясатта өз багыты болушу абзел. Андыктан, азыркы саясий кырдаалда утурумдуу бийликке болгон менин көз-карашым жана багытым, эл алдындагы билдирүүлөрүм партияга, партия мүчөлөрүнө терс таасирин тийгизбеши үчүн партиянын лидерлигин Муктарбек Сүйүналиевичтин уулу Аскарбек иниме өткөрүп берүүнү чечтим», — деп жазды Молдокматов.

Эми партияны Аскарбек Өмүракунов жетектейт — ал «Замандаштын» негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун уулу. Өмүракунов «Замандаш» партиясын 2007-жылы негиздеп, анын биринчи төрагасы болгон. Ал 2011-жылы Кубада эс алып жүрүп, каза болгон.

Буга чейин Молдокматов жетектеген «Замандаш» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 2,16% добуш алган. «Замандаш» парламентке өтпөй калган дагы 12 партия менен бирге нааразычылык митингине чыккан — буга шайлоо учурундагы добуш сатып алуулар жана административдик ресурстун колдонулушу себеп болгон.

Натыйжада митинг массалык толкундоолорго айланып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ал эми өлкөдө саясий кризис болуп, парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунуштап жатканда, Молдокматов башка саясатчылар менен Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдогон.

Жеңиш Молдокматов 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен биргеликте митингге чыккан. Митингчилер Ала-Тоо аянтында чогулганда ал жерге Садыр Жапаровдун тарапташтары келип, эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Бул окуядан кийин Бабанов премьерликтен баш тартып, 6-ноябрда Жапаровду президенттик шайлоодо колдой тураганын билдирген.

Ал эми Боршайком кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаганда Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарын узартып, шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган. Кийинчерээк сот депутаттардын чечимин туура деп тапкан.

Анткен менен «Замандаш», «Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Социал-демократтар» партияларынан турган «Үмүт» саясий кыймылы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылган.

Буга чейин Молдокматов Жапаровдун тарапташтары тарабынан ага жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар түшүп жатканын «Vesti» басылмасына билдирген. Буга ал Жапаровду бүгүнкү күнгө чейин кескин сындап жүргөнү себеп болгонун айткан.