Ош: Уюлдук телефондор сатылуучу дүкөндү карактаган Өзбекстандын жарандары кармалды

Ош шаарындагы «Цифровик» уюлдук телефондорду сатуучу дүкөндү карактаган өзбекстандык төрт жаран кармалды. Алар учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымадагандай, милицияга калаанын 26 жаштагы тургуну 8-январда арыз менен кайрылган. Ал аталган дүкөндө иштеп жаткан учурда беткапчан төрт киши кирип, коркутуп, сатыкта турган уюлдук телефондорду алып кетишкенин айткан.

«Ыкчам тергөө амалдарынын алкагында кармалган төрт шектүүгө тинтүү жүргүзгөн учурда жанынан түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондор, бир даана бүктөмө бычак, "ПМ" үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн тапанча табылып алынып, алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Каракталган буюмдардын бир бөлүгүн сатып үлгүрүшкөн», — деп маалымдашты Ош ШИИБиден.

Ошондой эле, шектүүлөргө карата алгачкы сурак иштерин жүргүзгөндө, алар өздөрүнүн жасаган кылмышын моюндашып, Өзбекстанга кетүү ойлору болгонун айтышкан. Мындан сырткары алар Кыргызстанга 7-январда мыйзамсыз өтүшкөнү аныкталган.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ошондой эле, алардын Жалал-Абад облусунда да ушундай эле каракчылык фактысына тийешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Буга чейин мындан беш күн мурун Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунун карактаган үч киши кармалган. Алар жабырлануучунун үйүнө түндө беткапчан кирип, бычак менен коркутуп, 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алып кетишкен. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.