Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов финполицияга суракка келди

Сүрөт: Улан Асаналиев/«Азаттык»

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов 12-январда Каржы полициясына суракка келди. Боронов өзү суракка пандемия учурундагы сатып алууларга байланыштуу келген болушу мүмкүн экенин айтты.

«Кайсы ишке байланыштуу так билбейм [...] Өкмөт [пандемия маалында] жакшы иштеген», — деди ал.

Ал эми финансы полициясы ал суракка күбө катары чакырылганын айтып, бирок кайсы иш боюнча экенин маалымдаган эмес.

Каржы полициясы буга чейин коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

Иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Тергөө иштеринин натыйжасында ССМ тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганы жана мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканы белгилүү болгон.

Ошондой эле 2020-жылдын 18-декабрында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирустун жайылышы күч алган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтей турган комиссия түзүлгөнүн маалымадаган. Комиссия 30 кишиден туруп, анын ичине Жогорку Кеңештин эки депутаты кирген.

Пандемия учурундагы гумжардамдар, баалардын өсүшү

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн чет элдик каржы уюмдарынан жана мамлекеттерден жардам сураган.

Пандемия башталган учурда, май айында, COVID-19 боюнча Республикалык штаб жалпысынан кыргыз өкмөтү эл аралык каржы институттарынан 462,3 млн доллар аларын билдирген. Анын жарымынан көбү — 352,5 млн доллары насыя, калган 79,4 млн доллары грант катары болорун маалымдаган.

Ошондой эле, Кытай, Өзбекстан, Орусия, Катар сыяктуу бир катар мамлекеттер дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар жана беткаптарды гуманитардык жардамдарды жиберген.

Анткен менен коронавирустан каза болгондор күч алган жай айларында ооруканалар менен обсервацияларда медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар тартыш болуп, мисалы беткаптардын баасы 5 сомдон 30 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле дары-дармектердин баасы кескин өскөн.

«ПолитКлиника» басылмасы бул боюнча иликтөө жасап, кантип курулуш компаниялары беткап сатууга өткөнүн, ал эми туристтик ишканалар коргоочу кийимдерди сатып калганын ачыкка чыгарган.

Жөнөкөй маска 25 сом, коргоо костюму 6 миң сом. Коронавирустан кимдер пайда көрдү?