Жогорку сот Ош ОИИБнин экс-башчысына карата өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку сот 12-январда Ош ОИИБнин экс-башчысы Абдылда Капаровдун арызын карады — ал мурдагы инстанциялардын бардык өкүмдөрүн жокко чыгарып, аны актоону суранган.

Капаровду 2010-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбеков сотко берген. Алар Капаровдун Жээнбековдор мамлекеттик каражаттарды өздөштүрүп алды деген айыптоосу менен макул болушкан эмес. Анда сот Жээнбековтордун тарабын жактап, Капаровду 250 миң сом айып пул төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок кийин Капаров чечимди аткарбагандыгы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылган.

Капаровдун адвокаттары айыпталуучуга карата кылмыш ишти биринчи инстанцияга жаңы кароого жөнөтүүнү суранышкан. Жээнбековду коргоо тарабы өкүмдү күчүндө калтырууну өтүнгөн.

Анткен менен сот Капаровдун жактоочуларынын өтүнүчүн канаатандыруудан баш тартты. Алар мурда чыгарылган өкүмдөрдүн бардыгын күчүндө калтырышты.

Жээнбековдор болсо сотко катышкан эмес. Отурумга болгону алардын адвокаттары Жаргалбек Бабаев менен Валерьян Вахитов катышкан.Адвокат Бабаевдин айтымында, Жээнбковдорду сотко чакыруунун кажети жок болчу. Ал бул иш боюнча Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары эмес, күбө катары өтүп жатканын дагы кошумчалады.

Жыйынтыгында Жогорку соттун соттук коллегиясы Капаровдун өкүмүн күчүндө калтырып, анын адвокаттарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартты.

Капаров эмне боюнча айыпталган?

Капаров 2010-жылы Ош шаарынын борбордук аянтына чыгып, ал укбакта Ош обладминистрациясын башкарып турган Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбеков менен Ош коогалаңында коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн Убактылуу өкмөттөн бөлүнгөн 3 млн долларды өздөрүнө ыйгарып алган деп айткан.

Анда Жээнбековдор «ар-намысы менен кадыр-баркын» коргоо үчүн Капарводу сотко берип, аны утуп чыгышкан.

Башкы беттеги сүрөт 24.kg.