Кыргызстанда коронавирус 134 кишиден аныкталды — жалпы 82 857 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 134 учуру катталганын маалымдады. Жаңы катталган учурлардын 47си лабораториялык катталган, калган 87 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 46;

Чүй облусу — 45;

Ысык-Көл облусу — 15;

Жалал-Абад облусу — 8;

Ош облусу — 12;

Ош шаары — 3;

Нарын облусу — 2;

Баткен облусу — 3.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 152 бейтап сакайды — алардын арасында алты медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 78, Чүй облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 14, Ош облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда — 13, Ош шаарында эки, Талас, Нарын жана Баткен облустарында бирден бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Бишкек шаарында, Ош жана Чүй облустарында бирден бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 82 857ге жетти. Анын ичинен 78 715 бейтап айыгып, 1 381 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 27 671. Ал эми Чүй облусунда — 11 958, Жалал-Абад облусунда — 9 882, Ош облусунда — 8 340, Ысык-Көл облусунда — 7 416, Баткен облусунда — 7 169, Ош шаарында — 5 546, Талас облусунда — 2 569 жана Нарын облусунда — 2 306 киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 812 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 48 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 021 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.