«Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтөбөл үй камагына коё берилди

Kaktus.Media басылмасынын маалыматына караганда, «Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов үй камагына коё берилди.

Басылма билдиргендей, 15-январдан 16-январга караган түнү Биринчи май райсотунун тергөө судьясы Ибраимовду сот залынан үй камагына бошоткон. Ал эки ай бою саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйүнөн эч жакка чыкпашы керек.

Видео: 24.kg

Алтынбек Ибраимов УКМК тарабынан 13-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ошондо ведомствонун басма сөз кызматы кармалган адамдын кылмыш иштерине катыштыгы бар-жогун күч түзүмдөрү тактап жатат деп билдирген.

Буга чейин 11-январда ИИМдин криминадык милиция кызматы Алтынбек Ибраимов менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. ИИМдин басма сөз кызматы «бир нече жолу соттолгон», «смотрящий» макамы бар адамга мыйзам жана тартипти сактоо зарыл экендиги эскертилгенин билдирген.

Алтуха деген ким?

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов жети ирет соттолгон, криминалдык дүйнөнүн «колдоочусу» жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналат.

Ибраимовдун аты ал эки жыл мурда опузалап пара алгандыгы үчүн 2015-жылы кармалгандан кийин кеңири белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен ишкер Руслан Матниязовду күч менен унаага салып, тоого алып чыгып, андан 80 миң доллар талап кылышкан.

Ибраимов жана шериги Тынчтык Орозалиевге «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча айып тагылган. Бирок райондук сот аларды актап, бошотуп жиберген.

Анда жабырлануучунун аялы соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Алтуханы 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң 2017-жылы Свердлов райсоту Ибраимовду опузалоо боюнча күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз деген жүйөө менен жазадан бошоткон.