«20 батир, үч хан сарай». Жол чарба департаменитинин директору «мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору «мыйзамсыз байыган» боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине таянып маалымдады.

«И.Ш.М. аттуу кызматкер мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат турак жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган. “Мыйзамсыз баюу” беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды», — деп билдирген УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шектүү Бишкектин борбордук бөлүгүнөн 20 батирди, үч хан сарайды, бир нече кымбат автоунааны туугандарына жана жакындарына каттатып койгон. Ошондой эле, ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турганы да белгилүү болгон.

УКМК шектүүнү «И.Ш.М.» инициалдары менен берген. Буга Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Иманкулов Шабданбек Маданбекович туура келет.

Мындан сырткары, атайын кызмат учурда аталган министрликте эмгектенген башка кызматкерлердин да каржылык абалы текшерилип жатканын кошумчалады.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 11-январында УКМК «мыйзамсыз баюуга» шектелген Жогорку соттун судьясынын мүлктөрүн текшерип баштаганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, судья мыйзамдуу кирешесиз 20 батир, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан үйлөрдү жана люкс-класстагы унааларды сатып алган. Мындан сырткары, ал жана анын жакын туугандары чет өлкөлөргө — БАЭ, Түркия, Азия, Европа жана АКШга эс алууга барып жүрүшкөн.

Өткөн жылдын 15-декабрында «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен Жогорку соттун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы кармалган.

Судья өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Ошондой эле, кармалган судья мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында аларды киреше булактары жок болгон башка жарандарга каттатып келген.