«Ыр аке» Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнө салды

Рамис Рыскулов

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү жана котормочу Рамис Рыскулов узакка созулган оорудан улам 26-январда көз жумду. Бул тууралуу Жазуучулар союзу кабарлады.

Акын Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында 1934-жылдын 9-сентябрында туулган.

Рыскулов 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын аяктап, 1953-жылы Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлгөн. Ал эми 1959-жылы Рыскулов Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтун аяктаган.

Акын окуу менен биргеликте «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттеринде жана «Ала-Тоо» журналында иштеген. 1959-жылдан тарта акын СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Рыскулов биринчи «Жаз» ырлар жыйнагын 25 жашында чыгарган. Ал эми анын «Ырлар» жыйнагы 1986-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты алган. Мындан сырткары ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» ыр китептеринин жана чыгармалар жыйнактарынын автору.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятында биринчилерден болуп эркин ыр формасындагы изденүү менен поэзияны жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңире алды.

Рыскуловдун ырлары «Кыргызстан маданияты» жана «Эркин-Тoo» гезиттеринде жарыяланган. Акын өз ырлары менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

Рамис Рыскуловдун сүрөттөрү

Мындан сырткары 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүшү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган. Ошондой эле, ал Париждеги Совет Союз элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн экинчи фестивалында жеңүүчү болгон.

Ошол эле жылдары Рамис Рыскулов СССРдин Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон. Ал эми 1990-жылдан тарта Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп келген.

1995-жылы Рыскулов «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамына ээ болгон. Ошондой эле, 1996-жылы Рыскуловго «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы ыйгарылган.

Калемдештеринин арасында «Ыр аке» атка ээ болгон Рамис Рыскулов акындык, сүрөтчүлүк өнөрдөн сырткары котормочулук менен да алектенген. Ал Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которуп, окурмандардын жүрөгүнөн орун алды.