
Республикалык штабдан 2-февралда коронавирустун жаңы 58 учуру катталганын маалымдашты.
Аймактар боюнча көрсөткүч:
Бишкек шаары — 18;
Чүй облусу — 24;
Жалал-Абад облусу — 1;
Ысык-Көл облусунда — 11;
Нарын облусу — 2;
Талас облусу — 1;
Баткен облусу — 1.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 84 646га жетти.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 193.
Ошондой эле, акыркы суткада 115 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 47, Чүй облусунда — 34, Талас облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 16, Нарын облусунда — 2 бейтап сакайды.
Ушуну менен өлкө боюнча 81 102 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 545 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 34 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 650 киши дарыланып жатат.
Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 414 киши көз жумду.
Мындан сырткары, өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Ал эми бир сутка ичинде эки медик айыкты.
Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 177ге жетти, анын ичинен 4 092 медкызматкер илдеттен айыкты.